Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:32

Ташкентте кыргыз-өзбек Коопсуздук кеңештеринин катчылары жолукту


Марат Иманкулов менен Виктор Махмудов.
Марат Иманкулов менен Виктор Махмудов.

Кыргызстандын жана Өзбекстандын Коопсуздук кеңешинин катчылары Марат Иманкулов менен Виктор Махмудов Ташкент шаарында консультациялардын экинчи турун өткөрдү.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Коопсуздук кеңешинин аппаратынын ортосундагы жолугушуу жүрүшүндө аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, терроризмге, экстремизмге, баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун башка түрлөрүнө каршы күрөшүү жаатындагы биргелешкен чаралар талкууланды.

Мындан сырткары аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөдөгү кызматташтыктын учурдагы абалы, анын келечектүү багыттары, чек арага жакын аймактарда табигый жана техногендик мүнөздөгү кырсыктардын алдын алуу жана аларды тез арада жоюу жаатында өз ара аракеттенүү маселелери тууралуу сөз болду.

Марат Иманкуловдун айтымында, бул иш-чара мамлекет башчыларынын тынчтыкты колдоочу саясатынын логикалык уландысы болуп саналат. Ал эл аралык чыңалган кырдаалда ырааттуулукту камсыз кылуу жана зарыл натыйжаларга жетишүү үчүн эки өлкөнүн бардык ыйгарым укуктуу органдары менен кызматтарынын ортосунда туруктуу жумушчу байланыштар талап кылынары белгилеген.

Консультациялардын экинчи туруна эки өлкөнүн ички иштер жана өзгөчө кырдаалдар министрлеринин орун басарлары, Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниктери, УКМКнын төрагасынын орун басарлары катышып, коопсуздук, оперативдүү маалымат алмашуу, тренингдерди жана машыгууларды өткөрүү жаатындагы кызматташтыкты өркүндөтүү боюнча кошумча эки тараптуу кадамдарды белгилеген протоколго кол коюлду.

Жолугушуунун биринчи туру 2019-жылдын май айында Бишкекте өткөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG