Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:24

Кыргызстанда кезектеги Глобалдык акча жумалыгы башталды


Кыргызстанда бүгүн 15-мартта кезектеги Глобалдык акча жумалыгы (Global Money Week) башталды. 25-мартта жыйынтыктала турган өнөктүк бардык аймактарда «Каражатыңды планда, өз келечегиңе кам көр» деген ураан менен өтөрүн анын уюштуруучусу Улуттук банк билдирди.

Улуттук банк, мамлекеттик органдар, коомдук жана эл аралык уюмдар, коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар мектептерде финансылык сабаттуулук боюнча сабактарды, жогорку окуу жайларда лекцияларды жана тренингдерди өткөрүшөт.

Мындан тышкары коммерциялык банктарда экскурсияларды, ачык эшик күндөрүн, балдардын көркөм чыгармачылыгы, кол өнөрчүлүгү, видеороликтер боюнча сынактарды, социалдык түйүндөрдө #GMW2023kg хештеги менен башка да ар кандай иш-чараларды уюштуруу пландалууда.

Балдардын жана жаштардын келечекте каржылык жактан туруктуулугун камсыздоо үчүн аларды акчаны туура пайдалануу маданиятына, туура чечимдерди кабыл алууга үйрөтүү, акчанын маанисин түшүндүрүү максатын көздөгөн Global Money Week өнөктүгү жыл сайын дүйнөнүн жүзгө жакын өлкөсүндө уюштурулуп келет.

Адистер көпчүлүк адамдар тапкан акчасын туура бөлүштүрүүнү билбегендиктен түрдүү кыйынчылыктарга туш болорун айтууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG