Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:36

Төрөбаев шайлоодо пилоттук негизде онлайн добуш берүү киргизилерин билдирди


Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев шайлоо өткөрүүдө жаңы маалыматтык система иштелип чыкканын билдирди. Ал 14-мартта Бишкекте өткөн "Санариптештирүүнү өнүктүрүүдөгү Жогорку Кеңештин ролу” деп аталган форумда шайлоодо онлайн добуш берүү пилоттук негизде киргизилерин айтты.

Мындай ыкма Борбор Азияда биринчи жолу иштей турганын белгилеп, бирок кайсы шайлоодо колдонуларын тактаган жок.

Төрөбаев электрондук өкмөттү өнүктүрүү боюнча Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун 2022-жылдагы рейтингинде 81-орунда экенин айтып, муну жакшы көрсөткүч катары атады.

Санарип кодекси да даярдалып жатканын, анын арты менен мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин ишин санариптештирүүгө мүмкүнчүлүк берилерин кошумчалады.

“Кыргызстан уюлдук байланыштар боюнча Борбор Азияда биринчи орунда. Өлкөдөгү 7 миллион жаранга 10,5 миллион SIM-карта туура келет”, - деген Төрөбаев өлкөдөгү IT-тармагындагы иштердин көбү эл аралык донорлордун салымы менен ишке ашып жатканын билдирди.

Акыркы беш-алты жылдан бери кыргыз бийлиги санариптештирүү жараянын ишке ашырууга аракет кылып келет. 2018-жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү, 2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү, ал эми 2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы деп жарыяланган.

Былтыр президент Садыр Жапаров 1-сентябрга чейин санариптештирүү боюнча отчет бербеген министрлер кызматтан алынарын эскерткен. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG