Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:35

Meta корпорациясы 10 миң кызматкерин кыскартат


Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрүнө ээлик кылган Meta корпорациясы кыскартуулардын экинчи толкунун баштады. Бул жолу Meta 10 миңдей жумуш ордун кыскартат. Өткөн жылы ноябрда корпорация 11 миңдей кызматкер кыскартууга туш болгон. Би-Би-Си билдиргендей, корпорациянын жетекчиси Марк Цукерберг кызматкерлерге жазган кайрылуусунда, кыскартуулар "оор" болорун билдирген. Компаниянын жетекчилиги 5 миң бош орундарга жаңы кызматкерлерди алуудан баш тартты.

Цукерберг Metaнын кирешеси олуттуу түрдө кыскарган 2022-жыл "кооптуу коңгуроо" болгон деп эсептейт. Анын пикиринде, жаңы экономикалык реалдуулук дагы көп жылдарга сакталат. Буга чейин Meta 2022-жылдын акыркы кварталында компаниянын кирешеси 4% төмөндөгөнүн айткан, бирок жыл ичинде ал 23 миллиард доллардан ашкан.

15-мартта кыскартуулар тууралуу алгачкылардан болуп рекрутинг бөлүмдөрү кабардар болушат. Апрелдин соңунда техникалык бөлүмдөрдө, майда бизнес бөлүмдөрдө кыскартуулар болот.

Meta - IT тармагында кыскартууларга барган жалгыз компания эмес.
Google жана YouTube компанияларына ээлик кылган Alphabet компаниясы 12 жумуш ордун кыскарткан, Amazon "экономикадагы белгисиздиктен улам" 18 киши кызматтан кетерин жарыялаган. layoff.fyi сайтынын маалыматына караганда, 2023-жылы бул тармакта жалпысынан 123 миң жумуш орду кыскарат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG