Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:31

Алдамчылыкка шек саналып кармалган Эрмек Нургазиев үй камагына чыкты


Эрмек Нургазиев.
Эрмек Нургазиев.

Бишкек мэринин милдетин бир күн аткарган “Эмма строй” курулуш компаниясынын башкы директору Эрмек Нургазиев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады. Маалыматка караганда, ага байланыштуу иш Аламүдүн райондук сотунда каралып, күбөлөр суралууда.

Нургазиев алдамчылыкка шек саналып былтыр 18-мартта кармалган. Тергөө 2019-жылдын июль айынын башында ИИМге Нургазиевге байланыштуу жамааттык арыз түшкөнүн билдирген.

Ал турак жай курулуш кооперативдеринин биринин төрагасы болуп туруп, мурда сатылган батирлерин кайра сатып жибергени, натыйжада 68 миң 550 доллар материалдык чыгым келтирилгени айтылган.

Нургазиевге каршы дагы жети арыз келип түшкөнү, келтирилген зыяндын жалпы сумасы 7 миллион 845 мин сомду түзгөнү маалымдалган.

Ал 2021-жылдын февраль айында президенттин колдоосу менен Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Бир күн өтпөй, 10-февралда кызматтан алынган. Буга анын аялдарга кол көтөргөн видеосу тараганы себеп болгон.

2018-жылы "Азаттык" радиосунун “Ыңгайсыз суроолор” берүүсү турак жай курулушундагы башаламандыктарды, мамлекет жөнгө сала албай жаткан системаны иликтеген. Анда Эрмек Нургазиевдин да ысымы аталган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG