Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:26

Жогорку Cот 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча ишти карады


Аялдар менен балдарга жасалган зомбулукка каршы акция. Ош шаары. 8-июль, 2022-жыл.
Аялдар менен балдарга жасалган зомбулукка каршы акция. Ош шаары. 8-июль, 2022-жыл.

13-мартта Жогорку Сот он үч жаштагы кызды зордуктоого айыпталган төртүнчү кишини сегиз жылга кесүү боюнча Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды.

4-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту шектүүнү сегиз жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим чыгарып, кийин Бишкек шаардык соту аны күчүндө калтырган. Эки тараптын тең жактоочулары Жогорку Сотко арыз менен кайрылган. Адвокаттар шектүүнү он жылга кесүүнү суранса, айыпталуучу тарап жаза мөөнөтүн кыскартууну өтүнгөн.

12-январда Бишкек шаардык соту секелекти зордуктоого айыпталган калган үч адамдын ишин апелляциялык тартипте карап, Свердлов райондук сотунун 30-августтагы чечими менен 15 жылдан кесилген эки милиция кызматкеринин жаза мөөнөтүн кыскарткан. Ал эми 10 жылга соттолгон үчүнчү адамдын жаза мөөнөтү өзгөртүүсүз калтырылган. Бул боюнча Жогорку Соттогу отурум 22-мартка белгиленген.

13 жашар кызды зордуктоого байланыштуу кылмыш иштин алкагында жалпысынан төрт киши - эки милиция кызматкери жана эки жаран соттолгон. Свердлов райондук соту эки милиция кызматкерин 15 жылга, мурда соттолгон бир адамды 10 жылга абакка кескен. Дагы бир адамдын иши өзүнчө каралып, Биринчи Май райондук соту сегиз жылга эркинен ажыраткан.

2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деген макала жарыялаган. Ушундан кийин аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабы коюлган акциялар Ички иштер министрлигинин алдында бир нече жолу уюштурулган.

8-июлда ушул иш боюнча териштирүү жүрүп жаткан мезгилде Свердлов райондук сотунун алдында кыздардын укугун коргоого акциясы өткөн. Ага эки жүзгө жакын активисттер, укук коргоочулар катышкан.

19-июлда ички иштер министри Улан Ниязбеков Бишкекте маалымат жыйын куруп, секелектин зордукталышы боюнча Свердлов райондук милициясынын жетекчисинин эки орун басарына сөгүш берилгенин жарыялаган. (ZKo/TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG