Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Салык кызматы Ошто соодагерлер алган эскертүү боюнча түшүндүрмө берди


Майрамбек Карыбековдун атынан жазылган эскертүү кагазы. Кат Фейсбуктагы колдонуучу Гүлгаакы Мамасалиеванын баракчасынан алынды.
Майрамбек Карыбековдун атынан жазылган эскертүү кагазы. Кат Фейсбуктагы колдонуучу Гүлгаакы Мамасалиеванын баракчасынан алынды.

Мамлекеттик салык кызматы мекеменин Ош шаардык башкармалыгынын соодагерлердин митингге чыгуусуна чек койгон эскертүүсү боюнча түшүндүрмө берип, буга байланыштуу кызматтык иликтөө жүрүп жатканын маалымдады.

Мунун алдында социалдык түйүндөрдө Ош шаардык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Майрамбек Карыбековдун атынан базарларга жана соода жайлардын администрацияларына жазган каты жарыяланган. Анда ал базар ээлеринен соода түйүндөрүн ижарага алгандар ар кандай митингдерге катыша турган болсо, алар менен келишимди токтотууну талап кылган.

Салык кызматынын басма сөз кызматы аймактык жетекчиликтин ушундай мазмундагы катынын мазмунун ырастап, борбордук аппарат аймактык бөлүмдөргө мындай тапшырма берген эмес. Мекеменин маалымат катчысы Эркин Сазыков мындай чечимдерди жергиликтүү башчылар өзүм билемдик менен кабыл алышканын, бул туура эместигин белгиледи. Кызматтын өкүлү митингдерге катышуу ар бир жарандын укугу экенин, аны эч ким тыя албай турганын кошумчалайт.

Бул факт боюнча кызматтык иликтөө аяктаса, анын жыйынтыгына карап тиешелүү каттарды жазган тиешелүү кызматкерлерге карата түрдүү чаралар көрүлөт. Зарыл болсо кызматтан бошотулушу ыктымал экени маалымдалды.

Кыргызстандын бийлиги соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда, анын ичинде Ош шаарында бир нече жолу нааразылык акциялары өттү.

Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппараты жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери митинг өткөн жерлерге барып, түшүндүрүү иштерин соодагерлерге үзгүлтүксүз жүргүзүп жатышат. Нааразылыктардын алдын алуу үчүн алардын айрымдары соода жайлардын жана базарлардын ээлерине түрдүүчө басым кылып жатканы кабарланып келет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG