Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:00

АКШда ири банктын жабылышы Уолл-стритте дүрбөлөң жаратты


АКШнын Нью-Йорк биржасы жайгашкан Уолл-стрит көчөсү жалпы жонунан финансылык квартал катары таанымал.
АКШнын Нью-Йорк биржасы жайгашкан Уолл-стрит көчөсү жалпы жонунан финансылык квартал катары таанымал.

АКШнын федералдык бийлиги америкалык ири Silicon Valley Bank банкын жабуу чечимин кабыл алгандан кийин жарандар шашылыш түрдө акчасын чыгарып кете баштады.

Силикон өрөөнүндөгү стартаптарды каржылап, тейлеген Silicon Valley Bank мекемесиндеги көйгөйлөр тууралуу шаршембиде белгилүү болгон. Анда банк салымчылардын каражатын мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга жумшап, ири суммада активин жоготуп алганы маалымдалган. Баалуу кагаздардын баасы Федералдык резервдер системасынын эсептик ченди көтөрүү чарасынан улам арзандап кеткен.

Банктын жетекчилиги кошумча акция чыгаруу менен кырдаалдан чыгып кетүүгө аракет жасаган. Ачыкка чыгып кеткен маалымат салымчылардын арасында дүрбөлөң жараткан. Ортодо банкты сатууга аракеттерден майнап чыккан эмес. Салымдарды камсыздоо федералдык корпорациясы мындан ары банк алардын көзөмөлүнө өткөнүн жарыялады.

Активи боюнча өлкөдө 16-орунда турган банктын кыйроосу Нью-Йорктун фондулук биржасындагы акциялардын курсунун төмөндөшүнө алып келди.

Жума күнү АКШнын финансы министри Жанет Йеллен Федералдык резервдер системасы жана Салымдарды камсыздоо федералдык корпорациясынын өкүлдөрү менен кырдаалды талкуулады. Ал өлкөнүн банк системасынын ишеничтүүлүгүн билдирип, анын туруктуулугун камсыздоо үчүн каржы кызматтарында инструменттер жетиштүү экенин айтты.

Silicon Valley Bank банкынын банкрот болушу – АКШда 2008-жылдан берки ири кыйроо болуп саналат. Анын активи 200 миллиард доллардан ашчу. 2008-жылкы финансылык кризисте 300 миллиард долларлык активи бар Washington Mutual bank банкрот болуп калган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG