Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:54

Эрдоган Түркиядагы президенттик шайлоону 14-майга дайындады


Режеп Тайып Эрдоган
Режеп Тайып Эрдоган

Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган парламенттик жана президенттик шайлоонун мөөнөтүн 14-майга дайындады. Анын бул чечимге кол койгон учуру 10-мартта телекөрсөтүүдө түз берилди.

6-мартта оппозициялык альянс Улуттук-республикалык партиянын лидери Кемал Кылычдароглуну президенттикке талапкер катары көрсөткөн. Азыркы бийликтен Эрдоган талапкер болору айтылган, бирок расмий жарыялана элек.

Сурамжылоолор президенттик жана парламенттик шайлоо жараяны чыңалуу менен коштолорун, оппозициялык блок башкаруучу альянстан бир аз алдыда экенин көрсөтүүдө.

Оппозициялык күчтөр эгер жеңишке жетсе, мамлекет башчынын айрым ыйгарым укуктарын кыскартып, парламенттик башкарууну бекемдөөнү убада кылууда.

Шайлоо өнөктүгүндө негизги тема он миңдеген адам набыт кеткен зилзала болору айтылып жатат. Оппозиция Эрдоган менен анын бийлигин бул кандуу кырсыктын кесепетин жоюу, жабыркагандарга жардам көрсөтүү жетиштүү болбоду деп айыптайт. Түрк президенти дооматтарды негизсиз деп эсептейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG