Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:57

Грузия парламенти "чет элдик агенттер" жөнүндө мыйзам долбоорун четке какты


Грузиянын парламенти "чет элдик агенттер" жөнүндө мыйзам долбоорун 10-мартта экинчи окууда четке какты.

Башкаруучу "Грузин кыялы" партиясы бир күн мурун мыйзам долбоорун парламенттин кароосунан алып саларын билдирген.

Мыйзам долбоорунда сырттан 20% ашуун каржылоо алган кандай гана уюм болбосун "чет элдик агент" деп каттоодон өтүүгө милдеттендирген жобо жазылган. Ал шартты аткарбагандарга чоң айып пул каралган.

Өлкө президенти Саломе Зурабишвили жана оппозиция мыйзам долбоору сөз эркиндигин жана жарандык жигердүүлүктү чектей турганын билдиришкен. Аны АКШ менен Европа Биримдиги да сынга алган.

Документ биринчи окууда кабыл алынгандан кийин өлкөдө жапырт нааразылыктар башталганда демонстранттар менен полиция кагылышты.

9-март күнү кечинде Грузиянын Тбилиси, Батуми жана Кутаиси шаарларында каршылык акциялары кайра уланып, жарандар өкмөттүн отставкасын жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону талап кылды.

Грузиянын Ички иштер министрлиги 9-мартта эки күндүк каршылык акцияларында кармалган 134 адам бошотулганын кабарлаган. Алардын айрымдарынын кармоо мөөнөтү аяктап, кээ бирлерине айып пул чегерилген. Учурда полиция кызматкерине кол салууга шектелген бир жаран гана камакта калууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG