Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:36

Николаевка, Петровка, Алексеевка... Оторчулук доор өчүргөн кыргызча аталыштар


Жайыл районундагы Полтавка айылы. Чүй облусу.
Жайыл районундагы Полтавка айылы. Чүй облусу.

Кыргызстанда төрт айыл аймагы менен 13 айылдын аталышын өзгөртүү чечими кабыл алынды. Соңку жылдары Борбор Азиядагы постсоветтик өлкөлөрдө жер-суулардын тарыхый аталыштарын кайтаруу аракеттери кайра жанданууда.

Пропагандалык, идеологиялык мааниси бар шаар, айыл аталыштарын өзгөртүү Советтер Союзу тарагандан кийин туташ жүрдү. Бирок бул иштин толук аягына чыкпай келатышына эмне себеп? Эгемен өлкөлөрдөгү мындай аракеттерге эмне үчүн Орусияда каршы пикир айткандар бар? Бир жагынан жер-суу аталыштары өзгөргөнү менен, кайра эле белгилүү кишилердин ысымдары коюлуп жатканы тоталитардык доордогу эле түшүнүктөрдөн кабар бербейби?

“Куугунтук курмандыктары” подкастында белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов менен ушул суроолорду талкуулайбыз.

- Өткөн апта соңунда Кыргызстандын аймагында бир катар жер-суу аталыштары өзгөрдү. Маселен, Лейлектеги Чапаев айылы - Арча-Бешик, Өзгөндүн Киров айылы - Кенжебай, Таластагы Покровка айыл аймагы - Семетей, Чүйдөгү Военно-Антоновка айылы Кожомкул, Кеминдеги Новомихайловка айылы Бообек болуп өзгөрүптүр. Тарыхый аталыштарды кайрып берүүнүн мааниси тууралуу сөздү баштайлы.

- Көз карандысыз мамлекет катары 33 жылдан берип жашап келе жатабыз. Эгемен мамлекеттин өз идеологиясы, жер-суу аталыштары, бүт бардыгы улут кызыкчылыгына дал келиши керек. Ушул маселени эгемендик жылдарынын башынан эле тарыхчылар улам-улам көтөрүп келдик. Бирок ортодогу саясий өңүттөн уламбы, бул маселени көтөргөн учурда дароо Орусиянын Мамлекеттик Думасынын бир депутаты же дагы бирөөсү “Кыргызстанда орустарга каршы саясат болуп жатат. Буларды токтотуу керек” деп чыга калат. Бишкек шаарындагы райондордун аталышын дагы өзгөртүү керек деген маселени азыркы биздин спикерибиз бир маселени көтөрө койду эле, аны дагы жогору жактан “антиорусиялык аракеттер болуп жатат” деп токтотушту.

Бир мезгилде тил комиссиясынын жетекчиси “Кыргызстанда жер-суу аталыштарын өзгөртүү керек” деп айтып койгону үчүн эртеси күнү ошол кездеги убактылуу президент Роза Отунбаева аны кызматтан алып койгон. Биз бүгүнкү күндө дагы деле өзүбүздүн эгемен өлкөбүздүн жер-сууларынын, шаарларынын, райондорунун аталыштарын мурдагы падышалык, кийин большевиктик коммунисттик доордогу берилген аталыштарды өзгөртөлү десек эле, ал маселе айрым бир мамлекеттерге оор тийип, биздин ички ишибизге кийлигише калат. Демек, мунун саясий өңүтү бар. Бул Кыргызстандын толук кандуу эгемен, күчтүү мамлекет боло албай келгендигибиздин белгиси дейт элем.

- Өткөн жылы Казакстан үч миңдей айылдын аталышын 2025-жылга чейин өзгөртүү планын жарыялады. Ошондо дагы интернет бетинде Орусия тараптан каяша пикирлер көп болду. Таң калычтуусу, Орусиянын өзүндө советтик тоталитардык режимдин негиздөөчүлөрүнүн ысымдарын өзгөрткөн ондогон мисалдар бар. Мисалы, Свердлов, Ленинград, Сталинград деген шаарларына тарыхый аталыштарын кайрып беришкен. Эмнеге эгемен өлкөлөргө келгенде эле алар каршы чыгууда?

- Бул маселе Орусиянын прогрессивдүү интеллигенттеринин арасында дагы эгемендиктен кийин көп талкуу болуп, “мурдагы тарыхый аталыштарга өтөлү” деп чыккан. Бирок Орусия өзү өзгөрткөнү менен, мурдагы Советтер Союзунун тутумундагы мамлекеттерде ошол эле идеяны көтөрүп чыгып, аракеттер болсо, Орусияда “антиорусиялык аракеттер мурдагы союздагы республикаларда чыгып жатат” деп саясатташтырып жатат. Болбосо ар бир доордун, мезгилдин өзүнүн ошол заманга ылайык эл менен кеңешпей берилген аталыштар жоюлуп, улуттук тариздеги аталыштарга эчак өтүшү керек болчу. Экинчиден, бизде бийликтин алсыздыгы, коркоктугу болуп жатат. Ачыгын айтыш керек. Ушул жерден эле тил, улут маселеси көтөрүлөбү? Мурда баш ийип келген Москвага оор тийип, дароо бул жакка реакция болуп жатат.

Стратегиялык өнөктөштүгүбүз менен байланыштарыбыз жакшы. Ал алакабызды дагы өнүктүрүшүбүз керек. Ансыз болбойт. Бирок биздин тарыхый маселебизге келгенде, алар кийлигишпесе жакшы болот эле.

- Сиз Орусиянын оторчулук саясатынан, андан кийин совет доорунда кантип өзгөргөндүгү жөнүндө бир топ изилдөөлөрдү жарыялап жүрөсүз. Кыргызстандын аймагындагы жер-суу аталыштары кандайча өзгөрүп кеткен?

- Тарыхчы катары эгемендиктин алгачкы жылдарында: “Эмне себептен Чүй, Ысык-Көл аймактарында жүргөндө Кыргызстанда эмес, Орусиянын аймагында жүргөндөй болобуз? Аталыштарынын бардыгы нукура кыргызча эмес. Оторчулук саясатынын мезгилинде коюлган аталыштар бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет”, - деп, көп ойлонуп, кызыгып жүрдүм. 1988-1990-жылдары Ташкенттин, Алматынын архивдеринде иштеп жүргөн мезгилде ушул суроолорума жооп алдым. Жер-суу аталыштары кандай өзгөргөндүгү тууралуу архивдик документтерге туш болдум. Айрымдарынын көчүрмөсүн алдым, айрымдарынын кол менен жазып алдым. Кийин анализдедим.

Кандай таризде өзгөрүүлөр болгонун карасам, алгачкы эң негизги аталыштар “Александровка, Николаевка, Петровка, Алексеевка” деп, падышалардын атынан коюлган экен.

XIX кылымдын аягында дагы бир документке туш болдум. Ташкенттин аталышы боюнча Александрдын урматына “Александрогород”, “Александроград” деп өзгөртөлү деген сунуштарды айтышкан экен. Бирок жергиликтүү элдин маанайынан улам “Азырынча Түркстан генерал-губернаторлугунун борборун - Ташкент шаарын “Александроград” деп өзгөртүү эртелик кылат. Кийинкиге жылдыруу керек” деп, Ташкенттин аталышы өзгөрбөй калган. Андан кийин Кыргызстандын аймагында четинен падышанын аттары коюла баштады. Жогоруда айткандай, Александрдын, Николайдын, Алексейдин, Петрдун атынан коюп жатып, жайнап кетпедиби. Бул биринчиден, падышага карата кошомат. Ошол мезгилде “жаңы жерди өздөштүрдүк, бул жерди өзүбүз каалагандай кылабыз” дегендей саясат болчу.

Подкастты бул жерден угуңуз:
Оторчулук доор өчүргөн кыргызча жер-суу аталыштары
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:26 0:00

Экинчи жагдай, келгиндер отрукташкан жерлерге атайын чиркөөлөр курула баштаган. Ошол чиркөөлөрдүн аталыштары боюнча Троицкая, Архангельская, Новопокровская деген аталыштар коюла баштады.

Андан кийин падышанын жан-жөөкөрлөрүнүн, үй-бүлөсүнүн, балдарынын аттары коюла баштады. Мисалы, граф Пален деген келип, бул жерде өзүнүн ревизия иштерин жүргүзгөнү үчүн ага XIX кылымдын башында, 1904-1905-жылдары эле “Сиздин келген урматыңызга “Пален” деген аталыштарды койдук” дешкен.

Анан жергиликтүү борборлордун аскер губернаторлорунун аттары коюла баштады. Мисалы, Кауфман чокусу деп коюлду. Самсоновка деп, Самсон деген мурун аскер губернатору болгон. Кийин Куропаткин деген аталыштар коюлду. Карап чыксаң, кызыктуу. Кыргызстандын түштүгүн каратып алууда өзгөчө роль ойногон Оштун алгачкы уезд башчысы Ионовдун атынан жана Ионов Жети-Суу аскер губернаторлугу деп аталганда, анын аялынын ысымын дагы бир айылга ыйгаруу сунушун беришкен.

Ал убакта “бул жердеги жерлердин бардыгы Орусия империясынын менчиги, кыргыздар убактылуу пайдаланып жатат” деген таризде жергиликтүү элдин укуктары чектелген. Ионовдун аялынын аты Ольга болгон. Ольганын атынан Ольгинск деп, Жети-Суу облусундагы айылга атын берели дегенде, Ионов жергиликтүү элдин менталитетин түшүнгөн адам экен, “жок, менин аялым эч кандай бул жерге эмгегин сиңирген жок, анын атын берүүгө болбойт” деп өзү баш тартып койгон. Ошентип аялынын аты берилбей калган.

Андан кийинки этапта жерди ээлеп, өздөштүргөн, көчүрүлүп келген алгачкы келгиндердин, кулактардын ысымдарынан коюла баштаган. Эң кызыгы, ошол келгиндердин өздөрүнүн эле аттарынан башка бала-чакасынын аттарынан коюуга аракет кылышкан. Ысык-Көлдөгү Жети-Өгүз районундагы Липенко айылы бар. “Ушул айылдын аталышы эмнеден улам болду экен?” деп жүрдүм эле. Жергиликтүү калк: “Аталышын өзгөртөлү. Бул бизге туура келбейт. Бул жерге алгач көчүп келген колунда бар кулактын кызы ушул дарыяга агып, чөгүп каза болгон. Анан өзүнүн кызынын атынан Липенко деп койдуруп алды”, - дешкен. Ушундай аталыштар бул жерде оторчулук саясатынын тушунда, Кыргызстандын укугу катуу чектелген мезгилде коюлгандыгы оркоюп эле көрүнүп турат. Оторчулук саясатынын мезгилинде коюлган аталыштарды өзгөртөлү дегенде эле маселе чыгат. Себеби “Чүйдөгү жер-суу аталыштары өзгөртүлсө, антиорусиялык маанай Кыргызстанда күчөп жатат, бул жакшылыкка алып барбайт” деген ызы-чуу көтөрүшөт. Ушунун кесепетин эгемендик доорунун алдынан баштап, бүгүнкү күнгө чейин көрүп келебиз.

- Бирок ошол эле сиз атап өткөн жерлердин мурда өзүнүн тарыхый аталыштары болгон да.

- Албетте. Кыргыздар ушунчалык көрөгөч, сынчыл, жер өңүтүн туура баамдап, ошол жердин шартына байланыштуу эң жакшынакай аталыштарды койгон. Болгондо дагы ал мезгилде кайсы бир адамдын атынан эмес, ошол жердин жер өңүтүнөн карап коюшкан. Жети-Өгүз - кандай окшоштурулган! Алайдагы Үч-Дөбө деген жерде ар жакта шаңкайып үч дөбө көрүнүп турат. Сууну дагы карап туруп, жараштырып атап коюшкан. Адам аттарын коё беришкен эмес. Оторчулук саясаты бүтүп, жаңы заман башталып, Октябрь революциясынын кийин ал иштер токтойт го десек, ошол мезгилдеги большевиктер партиясынын лидерлеринин аттары, ар кандай идеологиялык иш-чараларга байланыштуу Биринчи май, Октябрский жана башка аталыштар коюлуп, кайра уланып кетти.

- Бишкектеги төрт райондун аттарын өзгөртүү маселеси дайыма көтөрүлөт. Төртөө тең советтик идеологияны даңазалаган аталыштар. 1938-жылы Фрунзе шаарында үч административдик район түзүлгөндө эле Пролетарский, Первомайский, Свердловский болуп аталган. Кийин 1960-жылдары Пролетарский району Ленинский болуп өзгөрүп, 1970-жылдардын орто ченинде Октябрь району пайда болуптур. Карасаңыз, дээрлик бир кылымга жакын убакыт өткөн. Улам-улам көтөрүлөт. Советтик топонимия таасири тууралуу сүйлөшкөндө кесиптештер менен дагы көп талкуулап калабыз. Көп көчөлөргө коюлган ысымдарды кийинки муундагылар билбейт.

- Эгемендик доордон бери Кыргызстандын өзүнүн тарыхы, улуттук идеологиясы деп келебиз. Ар бир аталыш ошол жерде жашаган элдин аң-сезимине дагы өзүнчө таасир этет. Айрым көчөлөрдү бүгүнкү күндө көпчүлүк жаш муун биле бербейт. Мисалы, Совет бийлиги курулуп жатканда кызыл армиянын командиринин саясий жардамчысы Фурманов тууралуу бир топ китеп, эмгектер жазылгандыгын бүгүнкү муун биле бербейт. Тарыхта Фурмановдун, Логвиненконун аты сакталып калат, окутула берет. Бирок алардын аты менен аталган жерлерди өзгөртө турган мезгил келди. Төрт райондон баштап көчөлөрдү дагы карай турган мезгил келди.

Чүй өрөөнүн кыдырып калып, өткөн жылы жалаң кыргыздар жашаган айылга, тааныштарыма барып калдым. Ал жакка бара жатканда Беловодскиге, анан оң жакка бурулуп Россия деген айылын айланып, андан ары Пролетарскийге, анан Путепроводнаяга барсаң, бүт ушундай аталыштагы көчөлөр. Орусияда жүргөндөй эле болосуң.

- Болбосо четтеги эле айыл?

- Ооба. Азыр эми демилгелер көтөрүлүп жатат. Ал жерлерди өзүбүздүн жакшынакай кыргыз тилинде, тарыхка байланыштырып же жаңы бир өнүгүүгө, келечекке ишеним жараткан аталыштарга алмаштырып алсак болот да. Мындай сунуштар, идеялар болуп жатат. Бирок ошого чечкиндүүлүк жетпей жатат. Албетте, каражат маселеси бар. Анча-мынча чыгым болот. Бирок эгемен мамлекетте жашагандан кийин өз саясатыбызды жасашыбыз керек, улантышыбыз керек.

- Утурумдук саясат менен коюлуп калган аталыштар акырындап болсо дагы алмашып жатканы жакшы. Бирок тарыхый аталыштарды кайтарып бергендин ордуна кайра эле кишилердин ысымы менен атап койгон адатка коомчулукта нааразы да пикирлер бар. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

- Мурдагы колониалдык доордогу, андан кийин 70 жыл өкүм сүргөн тоталитардык, коммунисттик доордогу аң-сезим, түшүнүк дагы эле сакталып, адамдын мээсинен чыкпай турат. Ошолндуктан бир жерди өзгөртсөк, кайра эле баланчанын атын коёлу деп чыгышат. Негизинен адам аттарын жер-сууга берүү кыргыздын салтында жок. Айрым бир жерлерде эле Манас шаары, Манас айылы деген аталыштар болбосо, адамдын атын атайылап ыйгарып койгон эмес. Адам аттарын койгондо дагы “бул жерден баланча деген атактуу акын, инсан чыккан” деп айтып келебиз. Мисалы, Кара-Буура районунун өзүнчө тарыхы бар. Өткөн жылы орто кылымдарга чейин тарыхты түшүндүргөн жер аталышын “Чыңгыз Айтматов ушул райондо төрөлгөн, Айтматов району болсун” дегенде, каршы чыктык.

Себеби улуу жазуучунун түпкү ата теги Кара-Буура деген жерди мекендеп келгенин элдин баары билет. Мисалы, Исхак Раззаков шаары дедик. Ал өзү Лейлекте, Май-Тоңбос деген Сүлүктүнүн өйдө жагында төрөлгөн. Кыргыздын атактуулары көп. Эми алардын аттарын берүү боюнча атаандашуу башталат. Буга чейин токтотуп, мораторий кабыл алынып келбеди беле. Айрым өзгөртүүлөрдү карасак, ошол жердеги башкарманын аты коюлуп жатат. Жакшынакай тарыхый аты бар жерге башкарманын же болбосо кыргыз элинде аты-жыты белгисиз бирөөлөрдүн аттары коюлуп калып жатат. Негизи түпкүрүндө жер-суу аталыштарына адам аттарын жайнатып коюу туура эмес. Мисалы, өзүмдүн айылымдын тарыхый аталышы Көлдүк. Бул айылдан Салижан Жигитов деген мыкты инсан чыккан. Биз ага дайыма “Көлдүктө төрөлгөн Салижан Жигитов!” деп, сыймыктанабыз. Ошол Көлдүк деген айылга Салижан Жигитовдун атын берип койгонуна караманча каршыбыз. Себеби атактуулар ошол жерде төрөлүп, өмүр баяны ошол жердин тарыхы менен жуурулушуп жатат. Ошондуктан адам аттары менен жер-суу аталыштарын алмаштырууну кайрадан токтотуп, мораторий коюшубуз керек.

- Мурдагы тарыхты алсак, Баласагындык Жусуп, Кашкарлык Махмуд деп, кайра жеринин атын ысымына кошуп айтышкан эмеспи. Ушул салтты бир учурда жоготуп алган окшойбуз.

- Албетте. Ар кандай саясий себептер менен куугунтук болуп, чет өлкөдө жүрүп калгандар өзүлөрүнүн аттарын Аким Өзгөн, Барпы, Азамат Алтай деп тарыхый жер менен байланыштырып жатышпайбы. Себеби Аким Өзгөн сөзүндө дагы: “Балдарым менин кайдан чыккандыгымды унутпашы керек. Дайыма Өзгөн деген жерде түпкү ата-бабасы жашагандыгын билип жүрүшү керек. Ошол үчүн жеримдин аталышын алдым”, - деп айткан. Анын сыңарындай, мурдагы тарыхка кайрылсак деле Кыргызстандан чыккан белгилүү аалымдарды, мисалы, Махмуд Кашгарини Кашгарга байланыштырып жүрөт. Бирок Махмуд Кашгаринин чыныгы туулган жери - Барскоон. Ал Барскоондук Махмуд. Ал эми Жусуп Баласагындын аты биринчи орунда эмес. Ошол маалда Кыргызстандын аймагында гүлдөп, өнүккөн, маданияты өтө жогорку чегине жеткен, Караханид шаарынын борбору болгон Баласагын шаарында төрөлгөн Баласагындык Жусуп деп жакшынакай айтылып жатпайбы. Бүгүнкү күндө дагы кайсы бир жерди өзгөртүп жатканда деле, Кара-Буураны таптакыр чийип салып, Чыңгыз Айтматов атын бергенден көрө, Карабууралык Чыңгыз деп атасак, бул деле такыр башкача сезилет. Ошол жер-суу аталышына болгон сый. Ошол жердин тарыхы улуу инсандардын баяны менен бирге муундан муунга өтүп кете бермекчи.

- Мунун өзү чоң саясат турбайбы...

- Чоң саясат. Чон тарых. Бүгүнкү күндө эгемен Кыргызстандын жараны катары тарыхыбызга, келечекке болгон мамиле ушул жер-суу аталыштарынын өзгөрүшүнө байланыштуу. Жер-суу аталыштарынын ар бир жаранга тийгизген таасири бар экендигин биз терең билишибиз керек. Бизди тарыхты урматтаганда гана келечекке ишенимдүү кадам таштайбыз. Келечекте өзүбүздүн тарыхыбызды таптакыр чийип таштабайбыз. Ошон үчүн тарыхка, биздин ата-бабаларыбыз ээлеп келген жерге ыйык, өзгөчө мамиле жасашыбыз керек. Ошондуктан бул бүгүнкү күн үчүн дагы, келечек үчүн дагы маанилүү иш.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG