Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

Freedom House Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен "эркин эмес" өлкөлөрдүн катарына кошту


Сөз эркиндигин колдоо жүрүшү. Бишкек, 14-октябрь, 2022-жыл.
Сөз эркиндигин колдоо жүрүшү. Бишкек, 14-октябрь, 2022-жыл.

Freedom House эл аралык уюмунун “Дүйнөдөгү эркиндик-2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен "эркин эмес" өлкөлөрдүн катарына кошту.

Баяндамада Москванын тактикасы Борбор Азияга жайылганы, Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттарына басым күчөп, белгилүү иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн күч менен чыгарылганы мисал келтирилген.

Эл аралык индексте 2009-жылдан бери "жарым-жартылай эркин" деген макамда турган Кыргызстан 2021-жылы "эркин эмес" мамлекеттердин катарына кошулган.

Баяндамада 67 мамлекет "эркин эмес" деп сыпатталган. Арасында Борбор Азиядагы бардык өлкөлөр, Орусия, Кытай, Түркия өңдүү мамлекеттер бар. Ал 85 мамлекет "эркин", 58и "жарым-жартылай эркин" деп табылган.

Freedom House өзүнүн жылдык баяндамасы аркылуу 210 өлкөдө жана аймактарда адамдардын саясий укуктарга жана жарандык эркиндиктерге жетүү мүмкүнчүлүгүн баалайт. Анда сөз эркиндиги, жарандардын саясий укуктары, мыйзам алдындагы теңдик өңдүү жагдайлар эске алынат.

Эл аралык коомчулук кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирген отуздай саясатчы, активисттин камакка алынышына камтамачылык билдирип, кыргыз бийлигин аларды бошотууга чакырып келет. Күч органдары камакка алынгандар "өлкөдө жапырт башаламандык уюштурууга камылга көргөнүн" айтууда.

Эл аралык уюмдар, АКШ, Улуу Британия, Франция, Германия жана мамлекеттер Бишкекти сөз эркиндигин коргоого чакырып келет.

Freedom House уюмунун Европа жана Евразия чөлкөмү боюнча улук изилдөөчүсү Майкл Смельцер Кыргызстанда “Азаттык” радиосу кысымга туш болуп жатканын айтып, буга тынчсыздануусун билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG