Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

БУУнун баш катчысы Киевде Украинанын аймактык бүтүндүгүн жактап сүйлөдү


Баш катчы Гутерриш жана президент Зеленский Киевде. 8-март, 2023-жыл.
Баш катчы Гутерриш жана президент Зеленский Киевде. 8-март, 2023-жыл.

8-мартта Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Украинага барды. Ал Киевде “БУУнун Уставына, эл аралык укукка жана Башкы Ассамблеянын резолюциясына ылайык адилеттүү дүйнө түзүүнү” жактап сүйлөдү.

"Украинанын көз карандысыздыгы, биримдиги жана аймактык бүтүндүгү эл аралык коомчулук тааныган чек аралары менен чогуу сакталышы керек",- деди Гутерриш.

Баш катчы Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушту.

Бул иш сапарда БУУ, Түркия, Орусия жана Украина ортосундагы Кара деңиз порттору аркылуу украин данын экспорттоо боюнча келишими талкууланары кабарланган.

Зеленский БУУ жана Украина дан келишиминин мөөнөтүн узартууну жактай турганын айтты.

Гутерриш Киевге Польша аркылуу барды. Баш катчынын Москвага баруу планы жок жана Киевден Нью-Йоркко кайтып кетемекчи. Былтыр августта Гуттериш Украинага да, Орусияга да барган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG