Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:55

Орусияда согушка каршы чыккан активист сегиз жарым жылга кесилди


Дмитрий Иванов
Дмитрий Иванов

Москва соту социалдык түйүндө Украинадагы согушту айыптаган Дмитрий Ивановду сегиз жарым жылга эркинен ажыратты. Ага "Орус армиясы тууралуу жалган маалымат тараткан" деген айып коюлду.

Иванов Москва мамлекеттик университетинин студенттеринин Телеграм-каналына согушту айыптаган билдирүүлөрдү жазган. Ал кайсы эч бир мыйзам бузбаганын айтууда. Ивановдун адвокаты Мария Эйсмонт айыпталуучу жазасын түзөтүү колониясында өтөй турганын билдирди.

Орусияда согушка жана аскердик мобилизацияга нааразы болгон миңдеген жаран өлкөдөн чыгып кеткен. Бул өлкөдө согушту сындагандар "армиянын аброюна шек келтирди" деген негизде камалат.

Орусия Украинага басып кирип, согуш ачканына бир жылдан ашты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG