Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:17

Демократ студенттен жаратман ишкер сересине жеткен айым


Жаңылсынзат Турганбаева
Жаңылсынзат Турганбаева

Адатта Ала-Тоодогу ишкерлер чөйрөсүндө жаратман эркектер тууралуу сөз көп жүрөт. Арийне, демилгелүү айымдарсыз бүгүнкү кыргыз ишкердик дүйнөсүн элестете албайбыз. Ошондой айымдардын бири – Жаңылсынзат Турганбаева тууралуу чакан баянды сунуштайбыз.

Эгемен Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө (диаспоралык топтордо) байсалдуу ишкердик, укук коргоочулук жана коомдук-саясий ишмердик менен алектенген жаратман жана каарман айымдарыбыз арбын, бул жаатта элибиздин уучу куру эмес.

Ал ишкер айымдар каяктан чыгышат? Албетте, отурукташкан коомдордогу айымдардан айырмаланып, көчмөн жана жоокерчилик турмушта көчмөндөрдүн аялдары алда канча эркин жана демилгелүү болгонун айтып да, жазып да келебиз. Ошого карабастан, патриархалдык жана айрым диний салттардын калдыктары, адатта, аялды үйгө гана байлап коюуну талап кылган эмеспи.

Мына, 2022–2023-жылдардагы коңшу Ооганстанды эле алсак, талиптик бийлик ал түгүл кыздардын окуусуна жана коомдук иштерди аркалоосуна бөгөт коюуга тырышып жатат.

Баса белгилесек, ишкер айымдар Кыргызстанга четтен келген эмес, алар – өз коомубуздун эле табигый өнүмү.

Алар илгерки уз да, акылман насаатчы да болгон Каныкей, каарман Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза, зээндүү Акыл Карачач, мамлекеттик ишмер катары чөлкөмгө атыккан Курманжан датка, коомдук ишмерлер Уркуя Салиева, Күлүйпа Кондучалова, көркөм өнөр аркылуу улутун даңазалаган Бурулча Осмонбек кызы, Бүбүсара Бейшеналиева, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова, Таттыбүбү Турсунбаева, Динара Асанова, акындар Жумакан Тынымсейитова, Майрамкан Абылкасымова, дарыгер Рафа Айдарбекова жана башкалардын азыркы улантуучулары болуп саналышат.

Алардын бири – “Супара” этнокомплексинин ээси Жаңылсынзат Турганбаева тууралуу учкай кеп козгоп, кантип жергиликтүү коомдук кыртыштан ишкер айым жоогазындай өсүп чыгаарына сересеп салсак...

Студенттик изденүү

Жаңыл 1980-жылдардын аягында, мурдагы Советтер Биримдигинин айтылуу “Кайра куруулар” доорунун соңку жылдарында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (ал кездеги СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин) тарых факультетинде окуй баштады.

Бул – күрдөөл заман эле. Студенттер түгүл айрым тарыхчы окутуучулар да улам жаңы айкын болгон тарыхый факттарга “опе-ей!” деп аң-таң кала карап, тарыхка жаңыча кароого чогуу-чаран изденип жатышкан.

Окутуучулар да сталинизмге жана коммунизмге чаң жугузгусу келбеген, “бардыгын бизге Ленин берген” деген эскичилдер жана демократиялык жаңыланууну эңсеген, кыргыздын этностук тарыхынын, мамлекетинин, жазма маданиятынын тарыхы оторчулук доордон алда канча терең экендигин шардана кылган жаңычылдар болуп өз ара жаатташа башташкан.

1988-жылы кош тилдүүлүк үчүн күрөштүн туусу көтөрүлгөндө, улуттук асыл-нарктар эмне экендигин алдыңкы окутуучулар да, студенттер да, жалпыга маалымдоо каражаттары да ачыгыраак айта башташты. Акыры бул коомдук кыймыл 1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тилин мыйзам жүзүндө жумурияттагы мамлекеттик тил макамына ээ кылуу менен жыйынтыкталды да, башка көйгөйлөрдү ачык талкуулоого жана кеңири реформаларга жол ачты.

1989-жылы Бишкекте демократиячыл жана социалдык кыймылдар, чыгармачыл уюмдар четинен негизделе баштады. Маселен, 3-июнда Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты түзүлдү (ага тарыхчы студенттер да катышты, алардын арасында Жаңылдын курсташтары жана курбулары да болду), июндун соңуна карата “Ашар” жана башка үй куруучулар уюмдары пайда болду. Орусиядагы “Мемориал” уюмунун Бишкектеги бөлүмү түзүлдү.

1990-жылдын алгачкы жарымында алгачкы антикоммунисттик демонстрациялар, коммунисттик бийликтер менен айдыңдык беттешүү, “Асаба” уюмунун жана “Кыргызстан” демократиялык кыймылынын (КДКнын) түзүлүшү, этностор аралык убактылуу тирешүүгө алып келген Ош окуялары сыяктуу орчун окуялар орун алды.

1990-жылы 22-октябрда Кыргызстандын Жогорку Кеңешиндеги жумурияттын туңгуч президентин шайлоо өнөктүгүнө мезгилдеш жана бул өнөктүктү ого бетер тездеткен окуя – КДКнын жигердүү мүчөлөрүнүн саясий ачкачылык иш-чарасы башталды.

Бул иш-чарага тарыхчы студенттер катышпасын үчүн факультеттин деканынын орун басары баш болуп жатакананын оозун бекитип, студенттерди камалап, кайтарганга чейин барышты. Биринчи кабаттын терезелери мурдатан эле тордолгон болчу. Ал эми жалындуу студенттер үчүн экинчи кабаттан аркан менен ылдый түшүү – демейдеги спорттук көнүгүүдөй эле кеп болчу...

Жаңыл жатаканадан кантип сыртка чыккандыгын деле билбейм, айтор, алгачкы күндөгү 7 кишиден 150 кишиге чейин өсүп жеткен саясий ачкачылык жарыялаган топко анын жеке өзү да бир нече ондогон тарыхчы студенттердин катарында кошулгандыгын анык билем.

КДКчы жана ага тилектеш болгон студент кыздардын арасында Жаңылдан башка Кенже Алышбаева, Алтынай Дубанаева, Айнагүл Жоошбекова, Динар Иманова, Нинакан Орозбаева, Жамыйкат Өмүрова жана башкалар, ошондой эле Кыргыз кыз-келиндер пединститутунун бир катар студент кыздары бул саясий иш-чарага жигердүү катышкан.

КДК уюштурган дал ошол саясий өнөктүк маалында Жаңыл өзүнүн болочокку сүйүүсүнө – кесиби боюнча курулуш инженери болгон айтылуу демократ, публицист жана ишкер Таабалды Эгембердиевге (1950–2015) жолуккан.

КДК табыштырганда...

Узун бойлуу, арык студент кызды 19 жаштай улуураак Табыке карап туруп: “Эч кимге билдирбей тамак ичип алчы”, – деп тамашаласа, Жаңыл аны “провокатор” деп жаман көргөн учур да болгон экен.

Кийин Табыкенин топ жарып элди кыраан каткыга салып сүйлөп жатканын четтен көрүп, “бул провокатор дагы эмнелерди айтып жатат болду экен?” деп жакындап келип укса, Табыке демократиялык баалуулуктар жаатында сонун эле сөз сүйлөп жаткан экен.

Кызык, дал ошол саясий өнөктүк демократтардын жалпы жеңиши менен аяктаган. Ал кезде реформачыл саясий канаттын өкүлү деп саналган академик Аскар Акаев үчүнчү айлампада (27-октябрдын эң соңку сааттарында) президент болуп шайланып, анан анча-мынча сааттан соң КДКнын өкүлдөрүнө “демократиялык реформалар болот”, деп убада кылган соң, саясий ачкачылык өнөктүгү 1990-жылдын 28-октябрынын таңында токтотулган.

Ошондогу тарыхчы студенттердин жигердүүлүгү да таасир бергенби, айтор, КУУга азыркы Өкмөт жайгашкан үй берилип, ал имаратта тарых факультети жайгаштырылды. Жаңыл ушул имаратта да окуп калды.

Анын бүтүрүүчү курста окуп жатканында да кызыктуу окуя болду. Ал жалаң гана “беш” деген баада окуп келе жаткан, бирок бир сабактан анын тыңдыгына ачуусу келген окутуучу жөн гана “үч” деген бааны коюп койгон.

Акыйкатсыздыктан көңүлү калып: “Кызыл дипломсуз эле жашайм” деген мыкты окуган бүтүрүүчү студентти колдоого алган башка окутуучулар атайын комиссия түзүштү. Жаңыл жоон топ окутуучулардын алдында суроолорго таасын жооп берип, алиги сабактан кайра “беш” деген бааны татыктуу алган.

1991-жылы 31-августта Кыргызстан мамлекеттик көз каранды эместигин жарыялады. Ошол жылдын соңунда Советтер Биримдиги да биротоло ыдырады.

Дал ушул күрдөөл доорду болочокку ишкер айым тек гана китептерден үйрөнбөстөн, өзү да бири-бирине куюлушкан орошон окуяларга аралашып жүрүп баштан кечирди.

Коомдо жашап жаткандан кийин, 1990-жылдардын алгачкы жарымындагы өткөөл доордун каатчылыгын да Жаңыл өзү сезди. Эгемендиктин жана посткоммунисттик доордун изденүүлөрү оңой менен жүргөн жок да.

Табыке менен Жаңыл алгач таанышкандан алты жылдан соң Табыке анын колун сурады. Албетте, ал алгач “жок” деген гана жоопту укту.

Бул тууралуу журналист Нуржамал Жийдебаева менен маегинде Жаңыл өзү да айтканы бар:

“...Табыкем сезимдерин ачык айтты. «Менде сага болгон жылуу сезим бар. Бул акылдын иши эмес, сезимдин иши», – деди. Мен алгач каткырып күлдүм, уктап ойгонсом да түшүмө кирген эмес да. Албетте, кооптондум, корктум. Менден улуу киши, мурдагы үй-бүлөсүнөн төрт баласы бар, мен турмушка чыкпаган кызмын. Апам да чалкасынан кетти. «Өзүм менен өзүм калайын, ойлоноюн», – деп убакыт сурадым. Ошол учурда мага бир кеп айтты: «Менин сунушумду сенин акылың кабыл албай жатат, бирок жүрөгүң мен деп эле жатат», – деди. Таамай айтылган сөз болчу, акылым чын эле сезимге каршы турган эле. Баары бир жүрөк жеңди, 1997-жылы баш коштук...”

Алар бир кыз, бир уулдуу болушту.

Таабалды Эгембердиев - агартуучу, демократ, ишкер
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:44 0:00

"Супараны" түптөгөн жубайлар

Буга чейин эле иниси Жумадил менен эриш-аркак “Шоро” фирмасын түптөгөн Табыке эми жөн гана жубайлуу болбостон, ишкердикте да анын демилгелерин, жаратмандыгын ырааттуу колдой алган, коомдук өнүгүү тууралуу талкууларда теңата баарлаш боло алган, таарынса, ачык таарынган, күлсө, ачык күлгөн, капасын чайттай ача алган, Табыкенин жалпы балдарына орток күйүмдүү эне болгон жаншерикке ээ болду.

Жогорудагы маекте дагы бир кызыктуу маалымат бар:

“Табыкем 50 жашка чыкканда кызыбыз төрөлдү. Балдарын жакшы көрчү, бирок балдарынын эркиндигин чектечү эмес. Атабыздын кебетеси, жүргөн-турганы менен кийимине чейин кыргыз болуп туруп, бирок «кыргызбайчылыктан» алыс болчу. Аялым деп менин, балдарым деп балдарынын укугун, эркиндигин чектечү эмес...” – дейт Жаңыл.

Кийинчерээк, 2009-жылы жубайлар Бишкектин түштүк-чыгышында какырап жаткан бош жерге “Супара” этнокомплексин, андан соң, 2014-жылы Чуңкурчакта “Супара” эс алуу жайын курушканда, Табыкенин көптөгөн оргуштаган идеяларын жүзөгө ашырууда Жаңыл этнограф тарыхчы катары нечендеген адистик салымын кошо алды, деп санайм.

Жаратман айым

Тагдыр ушул экен, Табыке капысынан ооруп калып, 2015-жылы мезгилсиз дүйнө салды.

Анан ишкердик түйшүк толугу менен Жаңылга өттү.

Албетте, эки вариант бар эле: бири – буга чейинки жетишкендикти иштиктүү улантуу, экинчиси – ишти биротоло уратуу...

Айтканга жеңил, бирок биринчи вариант нагыз эркти, айдыңдык, жаратмандык даярдыкты, мээнетти жана сабырды талап кылат, экинчиси – жөн гана агымдын эрки менен төмөн кулай берүүнү күтөт.

Жаңыл агымга каршы өз алдынча сүзүүгө жетишти.

Бир курдай Жаңыл кызыктуу кеп куруп берди: “Табыке каза болгондон кийинки алгачкы учурларда куруучуларга мен жалпы оюмду айтып, түшүндүрүп, аларды багыттап кетем, алар туура көрүп эле “аткарабыз” деп калышат. Анан кайра кайтып келсем, алар эч нерсе жасай элек болуп чыгат. Табыке алар менен такай чогуу болуп, өзү да шымалана жумуш аткарып, үлгү көрсөтчү эле да...

Анан саамга шалдайып отура калдым. Акыры айласын таптым. Табыкенин усулун эстедим. Мен аларга ар бир кадамды өз-өзүнчө тапшырма кылып, иштин чоо-жайын жиликтеп бере баштадым. Ошентип, иш ордунан тездеп жылды”.

Ишкер айым бир учурда курулушту да, тамак-аштын түрлөрүн жасатууну да, тейлөөнү жакшыртууну да, азыркы тапта дүйнөлүк экспортко чыга баштаган кыргыз гүлазыктарын өндүрүүнү да жетектөөгө үлгүрүп келет.

“Супара” этнокомплексиндеги чакан этнографиялык музейди (ажайыпкананы) түзүүдө ал адис этнограф жана музей таануууларды тартып, алардын заманбап сунуштарын эске алгандыгын, бул ажайыпкана да атамекендик туризм өнөр жайына огожо болуп калгандыгын өзгөчө белгилеп өтсөк болот.

2022-жылдын соңунда Жаңыл маркум Табыкенин кыргыз жана орус тилдеринде жазылган ой мурасын татынакай жасалгаланган жана терең мазмундагы китептерде чагылдырып, өрнөктүү иш аткара алды:

(Караңыз: Турганбаева Жаңылсынзат. Көчмөн жаратман. Таабалды Эгембердиев жөнүндө эскерүүлөр / Түз.: Б. Шаматов. — Б.: 2022. — 300 б. – ISBN 978-9967-00-079-7.
Эгембердиев Таабалды. Оо, дарегим! Оо, карегим!: Күндөлүк. Кол жазмалар, макалалар жана маектер / Түз.: Ж. Турганбаева. — Б., 2022. — 488 б. – ISBN 978-9967-00-078-0.)

Эгерде ал илим жолунда кетсе, ал жаатта деле сөзсүз ийгилик жаратмак деп ойлойм, бирок Жаңылдын бул китептердеги макалалары деле анын сөз шөкөтүн терең маңызына ширелте алган чыгармачыл талантын айгинелеп койду, дей алабыз. Бул нукту ал улантуусу гана керек.

Эми ал кыргыз улуттук тамак-аштары тууралуу түстүү сүрөттөрү бар чакан энциклопедиялык жыйнактын долбоорун баштады.

Адатта 8-март эл аралык аялдар майрамы элибиз үчүн жаз майрамы, жоогазын майрамы, жаркын маанайдын майрамы катары белгиленип келет.

Дал ушул күндө биз кыргыздын мээнеткеч ишкер кыздарынын бири тууралуу азыноолак сөз кылып, Жаңылды да, жалпы эле айымдарыбызды да куттуу майрам менен ак дилден куттуктап кеткибиз келет.

Редакциядан: Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG