Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Eurovision сынагынын билеттери 40 мүнөткө жетпей сатылып бүттү


Май айында Англиянын Ливерпуль шаарында өтө турган Eurovision-2023 ыр сынагынын финалына билеттер 36 мүнөттө сатылып бүттү.

Reuters агенттиги 7-мартта жазгандай, финалдын билеттери 160тан 380 фунтка чейин (192-456 АКШ доллары), жарым финалдардыкы 90дон 290 фунтка чейин бааланды.

Британ өкмөтү жер которуп барган украиндерге 3000 билет 20 фунттан сатыларын билдирген. Алар жалпысынан тогуз шоуго - алты алдын ала көрүү, эки жарым финал жана чоң финалга бөлүштүрүлгөн.

Былтыр Италиядагы сынакта украиналык "Калуш Оркестра" тобу “Стефания” деген ыры менен уткан. Британия экинчи орунду ээлеген. Адатта кийинки жарыш уткан өлкөдө өтүшү керек. Бирок согуштан улам иш-чараны Украинанын атынан уюштуруу милдети Британияга берилген.

Европа телерадиоберүү бирикмеси Eurovision сынагын 1956-жылдан бери такай уюштуруп келатат. Заманбап музыка сүйүүчүлөрдүн арасындагы популярдуу шоуго 2003-жылдан бери катышып келаткан Украина буга чейин эки ирет, 2004 жана 2016-жылдары жеңген. Британия төрт жолу уткан.

Орусия кошунасына ачкан согуш үчүн былтыр жарыштан четтетилген.

Сынакка ондогон өлкөнүн ырчылары катышып, баш байге - "Хрустал микрофон" үчүн ат салышат.

Быйыл сынак “Музыка бириктирет” деген ураан менен уюштурулуп жатат. Иш-чаранын эн белгисинде Украинанын желегиндеги көк, сары түстөр чагылдырылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG