Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:27

Акылбек Жапаров: Аткезчилик менен кармалган товар мамлекетке алынат


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аткезчилик менен кармалган товарлар мамлекетке алынарын билдирди. Бул тууралуу ал жаңы салык саясаты боюнча ишкерлер менен жолугушууда айтканын 7-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

“Азыр Луговойго барып бир КамАз товарды алып келип “Ош” базарына, “Дордой” базарына таштап кетип калгандар болбойт. Машинесин да кармап товарын мамлекетке алып атабыз. Аткезчилик товар толугу менен мамлекетке алынат”, - деди Акылбек Жапаров.

Кыргызстанда салыктын жаңы эрежелери ишкерлердин нааразылыгын күчөттү. Акыркы апталарда чакан ишкерлик менен алектенгендер көзөмөл-кассалык аппараттарын (ККМ) электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТН) колдонууга каршы болуп акция өткөрүштү.

Салык кызматынын эсебинде, өлкөдө ККМ колдонушу зарыл болгон ишкерлердин саны 100 миңден ашат. Бул бизнесмендердин ишине жараша бир аз азайып же көбөйүп турат.

Быйыл 1-январдан тартып Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлердин товарында товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү болушу шарт, буга чейин кагаз түрүндөгүсү колдонулуп келген. Ал үчүн соодагер Салык кызматынын маалыматтык системасынан “жеке кабинет” ачып, ар бир товарынын коштомо кагазын электрондук түрдө тиркеп турушу керек.

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТН) – бул жөнөкөй тил менен айтканда товарларды жөнөтүүчү, алуучу тарап жана жеткирген автоунаа жөнүндө маалыматтарды камтыган электрондук документ. Бул да ишкерлердин нааразылыгын жаратты.

Министрлер кабинети жаңы салык саясаты ачыктыкты камсыз кылып, аткезчиликке бөгөт коёрун билдирип келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG