Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Үй түрттүрүлгөн окуяда чыр чыгарган айылдык кеңештин депутаты камалды


Ак-Ордодо айрым тургундар 3-мартта үй түрттүрүлгөн жерге чогулуп, окуяны мыйзамдын негизинде адилеттүү териштирүүнү талап кылган.
Ак-Ордодо айрым тургундар 3-мартта үй түрттүрүлгөн жерге чогулуп, окуяны мыйзамдын негизинде адилеттүү териштирүүнү талап кылган.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Ак-Ордо конушундагы үй түрттүрүлгөн окуяга байланыштуу Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты камалганын билдирди. Анда ал депутат тамдын буздурулганына нааразы болуп эл чогулган жерде чыр чыгарганын кабарлады.

"Бул чогулушка Сокулук районунун Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты, буга чейин Ак-Ордо конушунун “Е, Ж” кварталдарынын башчысы болуп иштеген 1985-жылы туулган К.Т. аттуу жаран келип, коомдук тартипти одоно бузуп, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнгөн. Натыйжада чогулган эл эки жаатка бөлүнүп, жаңжал чыккан жана Сокулуктун милициясы жапырт мушташтын алдын алган. Бул окуяга байланыштуу К.Т соттун чечими менен беш суткага камалды", -деп жазылган маалыматта.

Башкы прокуратура мунун алдында Ак-Ордонун тургуну Марал Шаболотованын үйүнүн түрттүрүлгөнү териштириле баштаганын билдирген.

Президент Садыр Жапаров 5-мартта Ак-Ордого барып, төрт баласы менен көчөдө калган келиндин абалын көргөн. Дүйшөмбүдө Жапаров жер мунапысы боюнча кеңешме өткөрүп, "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамды жетиштүү аткарбаганы үчүн Чүй облусундагы өкүлү Нурил Алымбаевди жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алуу тапшырмасын берген.

Мындан тышкары Министрлер кабинетинин былтыр 31-майдагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 27-пунктун алып салуу маселесин кароону тапшырды. Буга айрым конуштун тургундары каршы болуп жатат.

Өткөн аптада Марал Шаболотованын үйү бузулуп, балдары менен көчөдө калганы белгилүү болгон. Келин үйү турган жерди 2012-жылы ишеним каттын негизинде сатып алганын, бирок 2018-жылы коңшусу Толкун Самудинова кызыл китеби бар экенин айтып, андан үй турган жерди талаша баштаганын билдирген. Чыр былтыр октябрда Жогорку Сотко жетип, анда Самудинованын пайдасына өкүм чыккан.

Самудинова бузулган үй турган жер ага караштуу экенин айтып, 2013-жылы Сокулуктун Новопавловка айыл өкмөтү өзүнүн жерге ээлигин ырастаган чечим чыгарып, 2017-жылы колуна кызыл китеп тийгенин билдирген.

Ак-Ордонун айрым тургундары 3-мартта үй түрттүрүлгөн жерге чогулуп, бийлик өкүлдөрүнөн окуяны мыйзамдын негизинде адилеттүү териштирүүнү талап кылган.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, мунапыстын алкагында 142 миң 337 тилке, башкача айтканда, 29 миң 872 гектар жер трансформация болору каралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG