Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

Башкы прокуратура Ак-Ордодогу үйдүн бузулушун текшере баштады


Ак-Ордо конушундагы түрттүрүлгөн үй.
Ак-Ордо конушундагы түрттүрүлгөн үй.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунун тургуну Марал Шаработоеванын үйүнүн түрттүрүлгөнү териштириле баштаганын билдирди.

5-мартта президент Садыр Жапаров Ак-Ордого барып, үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган келиндин абалын көргөн. Жергиликтүү эл менен жолугушууда “Жер мунапысы” боюнча жободогу 27-бөлүм кызыл китеп берүү ишин аксатып атканы айтылган. Анда жер анын ээсинин макулдугу менен гана трансформация болору жазылган.

6-мартта “Өскөн-Ордо” жаңы конушундагы жер ээлерибиз деген адамдар Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, “Жер мунапысы” боюнча жободогу 27-пункттун алып салынышына каршы экенин билдиришти. Алар муну менен жер басып алгандар, ортомчулардан сатып алгандардын жерлери мыйзамдаштырылып кетерин билдиришти.

Ушул эле күнү президент Жапаров жер мунапысы боюнча кеңешме өткөрүп, "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамды жетиштүү аткарбаганы үчүн Чүй облусундагы өкүлү Нурил Алымбаевди жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алуу тапшырмасын берди.

Мындан тышкары Министрлер кабинетинин былтыр 31-майдагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 27-пунктун алып салуу маселесин кароону тапшырды.

1-мартта Марал Шаболотованын үйү бузулуп, балдары менен көчөдө калган. Келин үйү турган жерди 2012-жылы ишеним каттын негизинде сатып алганын, бирок коңшусу Толкун Самудинова кызыл китеби бар экенин айтып, андан үй турган жерди 2018-жылдан бери сот аркылуу талашып келгенин билдирген. Чыр өткөн жылдын 1-октябрында Жогорку Сотко жетип, анда Самудинованын пайдасына өкүм чыккан.

Самудинова бузулган үй турган жер ага караштуу экенин айтып, 2013-жылы Сокулуктун Новопавловка айыл өкмөтү өзүнүн жерге ээлигин ырастаган чечим чыгарып берген, 2017-жылы колуна кызыл китеп тийгенин билдирген.

Ак-Ордонун айрым тургундары 3-мартта үй түрттүрүлгөн жерге чогулуп, бийлик өкүлдөрүнөн окуяны мыйзамдын негизинде адилеттүү териштирүүнү талап кылган.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, мунапыстын алкагында 142 миң 337 тилке, башкача айтканда, 29 миң 872 гектар жер трансформация болору каралган. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG