Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

Череватый украин аскерлери Бахмутту коргоону улантып жатканын билдирди


Бахмутту коргоп жаткан украиналык аскерлер. 25-февраль, 2023-жыл.
Бахмутту коргоп жаткан украиналык аскерлер. 25-февраль, 2023-жыл.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн чыгыш тобунун өкүлү Сергей Череватый Бахмут шаарын коргоо үчүн кармаш уланып жатканын билдирди. Ал бул тууралуу Украинанын аскерлеринин шаардан чыгып кетүү ниети тууралуу билдирүүлөргө комментарий берип жатып айтты.

“Украинанын куралдуу күчтөрү, чек арачылар, Улуттук гвардиянын бөлүктөрү Бахмутта коргонууну кармап турушат. Курал, азык-түлүк, дары-дармектерди жеткирүүгө, ал жерден жарадарларды алып чыгууга мүмкүнчүлүк бар”.

Сергей Череватый Орусиянын аскерлери Кременная багытында да чабуулун улантып жатканын кошумчалады.

АКШнын Согушту изилдөө институту (ISW) орус аскерлери Бахмут шаарынын айрым райондорун алууга артыкчылыктуу позицияларды ээлегени менен украин армиясын чегинүүгө мажбур кыла албаганын билдирген.

Украин тарап шаардагы кырдаал оорлошуп баратканын моюнуна алууда. Ага чейин дээрлик толук талкаланган Бахмуттун вице-мэри көчө кармаштары жүрүп жатканын, Орусия шаарды көзөмөлгө албаганын билдирген.

Бахмутта ушул тапта төрт миңдей жайкын тургун кала берүүдө, алар жер төлөөлөрдө жашынып жатат жана көп учурда суусуз, жарыксыз күн көрүп көрүүдө. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG