Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

"Вагнер" согушкерлерди спорт клубдарында жалдап жатат


Орусиянын "Вагнер" аскердик менчик компаниясы 2-4-март күндөрү спорттук клубдарда адамдарды согушка жалдаган бери дегенде үч пункт ачты. Бул тууралуу АКШнын Согушту изилдөө институтунун (ISW) маалыматында айтылат. Эксперттер согушкерлерди абактардан жалдоо чектелгенин айтып, муну менен вагнерчилер өз катарларын толуктоону көздөп жаткандай деп белгилешет.

Маалыматка караганда, жаңы пункттар Самарадагы "Динамо", Ростов-на-Донудагы "Антарес" клубдарында жана Тюмендеги Бокс федерациясынын имаратында жайгашкан.

"Вагнер" компаниясы Москвадагы сегиз спорттук клубда андай борборлор ачылганын билдиргенин "Медуза" басылмасы жазган. 2-мартта менчик компанияны түзгөн Кремлге жакын бизнесмен Евгений Пригожин жаңы согушкерлерди жалдоо максатында алар спорт клубдары менен кызматташа баштаганын айткан.

Ушул аптада Санкт-Петербургда "Вагнеренок" деген жаштардын патриоттук клубу иштей баштаганы кабарланган.

Расмий эмес кошуундун жалданма согушкерлери Украинадагы урушка активдүү катышууда. Алардын катарына Орусиянын түрмөлөрүндө отурган борбор азиялык айрым жарандар азгырылган учурлар да бар.

Вагнерчилер украин жергесиндеги көптөгөн согуш кылмыштары үчүн айыпталууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG