Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:55

БУУга мүчө өлкөлөр Дүйнөлүк океанды коргоо келишимин колдоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) мүчө дээрлик 200дөй мамлекет 4-мартта кечинде 38 саатка созулган талкуудан кийин Дүйнөлүк океанды коргоо келишимин колдоду. Документке ылайык, 2030-жылга чейин океан сууларынын 30% жакыны коргоого алынган акватория болот. Бул өз кезегинде деңиз флора жана фаунасын калыбына келтирүүгө өбөлгө түзөт.

Келишимди даярдоого 10 жылдан ашык убакыт кеткен жана бир катар мамлекеттер негизинен балык уулоого берилген квотага байланыштуу талашып-тартышып, мунаса табылбай келген. Эми макулдашуунун тексти мындан ары өзгөрбөйт, уюмга мүчө өлкөлөр аны ратификациялашы керек.

Келишимдин негизинде коргоого алынган деңиз аймактары түзүлөт. Ушул тапта океандардын 1,2% гана коргоодо турат. Документке ылайык, бейтарап макам алып жүргөн суулардын үчтөн бири сактоого алынышы керек.

Дүйнө жүзүндө миллиардаган адам океан, деңиздердин эсебинен жан багып келет. Андагы суулар климатты жөнгө салууда маанилүү ролду ойнойт. Экологдор соңку кездери деңиздердеги флора менен фаунанын айрым түрлөрү бир катар себептерден улам жоголуп кетүү коркунучуна кабылганын эскертип, чукул чараларды көрүүгө чакырып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG