Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:05

Запорожье: ракеталык чабуулдан мерт болгондордун саны 11 адамга жетти


Орусия 2-мартка караган түнү Запорожьеге ракеталык чабуул жасаганда көп кабаттуу үйлөрдүн бири жарым-жартылай талкаланган.
Орусия 2-мартка караган түнү Запорожьеге ракеталык чабуул жасаганда көп кабаттуу үйлөрдүн бири жарым-жартылай талкаланган.

Украинанын Запорожье шаарындагы көп кабаттуу үйгө 2-мартта тийген ракеталык чабуулдан набыт болгондордун саны 11 кишиге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар кызматы кабарлады. Мерт болгондордун арасында бир бала бар. Буга чейин уранды алдында калып каза болгон бир үй-бүлөнүн сегиз айлык кызы бар экени кабарланып жаткан.

Куткаруучулар 11 адамды аман-эсен алып чыккан, учурда куткаруу, урандыларды тазалоо иштери уланып жатат.

Орусия 2-мартка караган түнү Запорожьеге ракеталык чабуул жасаганда көп кабаттуу үйлөрдүн бири жарым-жартылай талкаланган. Жергиликтүү прокуратура калаа С-300 зениттик-ракета менен аткыланганын маалымдаган. Полиция согуштун эрежелерин жана мыйзам бузууга байланыштуу иликтөө баштады.

Кремль бул соккуга байланыштуу комментарий берген эмес.

Орус армиясы Запорожьеге маал-маалы менен ракета жана дрондор менен чабуул жасап келет. Буга чейин дагы мындай аткылоолордон үйлөр, имараттар кыйрап, жайкын тургундар жараат алган, мерт болгон учурлар болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG