Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

АКШ Украинага 400 млн. долларга бааланган аскердик жардам берет


HIMARS реактивдүү ариллериялык системасыАК
HIMARS реактивдүү ариллериялык системасыАК

АКШ Украинага аскердик жардамдын 400 млн. долларлык жаңы пакетин бөлүп берет. Бул тууралуу Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен билдирди.

Жардам HIMARS, 155 жана 105-калибрдеги система үчүн жапырт ок атуучу реактивдүү системаны камтыйт. Андан тышкары АКШ Киевге биринчи жолу көпүрө сала турган аскердик техника бергени жатат.

Украинанын президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак жардамдын жаңы пакетинде татаал аймактарда жол салуучу жана жардыруучу аскердик жабдыктар камтылганын да билдирди.

  • АКШ жана Европа өлкөлөрү, Жапония менен Австралия Украинага ондогон миллиард долларга бааланган аскердик, финансылык жана гуманитардык жардам көрсөтүшкөн. Украинага жардам берүү боюнча АКШдан кийинки орунда Британия, Германия, Канада жана Польша турат.
  • Global Firepower (GFP) уюмунун жаңы рейтингинде Украина армиясы быйыл биринчи жолу 15-орунга чыгып, Ирандын, Израилдин, Австралиянын, Саудиянын, Испаниянын, Тайвандын жана Германиянын армиясынан озду. Өткөн жылы Украина бул рейтингде 22-орунду ээлеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG