Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:29

Ак-Ордо: Үй түрттүрүүдөн кийин түзүлгөн абалды жөнгөрүү аракети көрүлүүдө


Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда төрт балалуу аялдын үйү түрттүрүлгөндөн кийинки абалды жөнгө салуу аракети көрүлүп жатат. "Азаттыктын" кабарчысы 3-мартта кечки саат алтыга жакын ал жерде абал курчуганын, үйү буздурулган келинди да, аны менен жер талашып, чырлашкан келинди да милиция топтолгон элдин арасынан чыгарып кеткенин билдирди.

Марал Шаболотова.
Марал Шаболотова.

Ал жерде милициядан тышкары жергиликтүү бийлик жана каттоо мекемелеринин өкүлдөрү да чогулуп, нааразылыгын билдиргендерди тынчтандырууга аракетин көрүп жатышат.

1-март күнү Жогорку Соттун чечимине таянып сот аткаруучулар Марал Шаболотованын үйүн бузган. Ал жерди 2012-жылы ишеним каттын негизинде сатып алганын, соттун чечими мыйзамсыз экенин белгилөөдө. Ал эми 2018-жылдан бери аны менен жер талашып соттошуп келаткан коңшусу Толкун Самудинова жеринин "кызыл китеби" бар экенин, кошунасы анын жерине үй салып алганын айтууда.

Учурда Кыргызстан боюнча мыйзамсыз салынган 1 миңден ашык үйгө жер мунапысы боюнча кызыл китеби берилди. Дагы 85 миң адамдын арызы каралууда. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG