Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:24

Иран окуучу кыздардын жапырт ууланышын иликтейт


Ууланган кыздар. Иран. 1-март, 2023-жыл
Ууланган кыздар. Иран. 1-март, 2023-жыл

Ирандын саламаттыкты сактоо министри Бахрам Эйноллахи окуучулардын уулануусу иликтенерин билдирди. Анын айтымында, катарына эң мыкты токсиколог жана профессорлор кирген атайын комиссия түзүлдү.

"Акыркы айларда жүздөгөн мектеп окуучу кыздар жеңил ууландырууга кабылды", - деп билдирген Эйноллахи февралда.

Шаршембиде Ислам жумуриятынын президенти Ибрахим Раиси кыздардын мектептеринде катталган оорунун толкунун иликтөө буйругун берген.

Биринчи окуя болжол менен былтыр ноябрда катталган. Кум шаарындагы 18 окуучу кыз жүрөктөрү айланганын, баштары ооруганын, жөтөлгөнүн, дем алуусу кыйындаганын, тахикардия болгонун, колу-буттарын сезбей калышканын айтып, ооруканага жеткирилген.

Шейшембиде Ирандагы Адам укуктары борборунун аткаруучу директору (CHRI) кыздар атайлап ууландырылганын маалымдады.

"Бул террордук акт жана Ислам жумуриятынын окуяны бир нече айдан бери олуттуу кабыл албаганы өкмөт мындай ири чабуулдарды уюштурууга мүмкүнчүлүгү бар тараптар менен кутумга барган жокпу деген суроо жаратат", - деген Хади Гаеми.

Маалыматта айтылгандай, кеминде бир кыздын өлүмү табышмактуу ооруга байланышкан болушу ыктымал. Бирок маркумдун атасы муну бышыктоодон баш тартты.

Көптөгөн ирандыктар бийликти илдеттин себебин табуу жана жаңы учурлардын алдын алуу үчүн жетиштүү чара көрбөгөндүгү үчүн айыпташты. Ачууланган кээ бир ата-энелер балдарын мектепке жибербей койгон учурлар бар экени кабарланууда.

Ал ортодо дагы бирөөлөр диний экстремисттер кыздардын мектепке баруусуна жол бербөө максатында ушундай чагымга барышы мүмкүн деп божомолдошууда.

Иранда былтыр сентябрда студент кыз Махса Амини абакта көз жумгандан кийин нааразылык акциялар тутанган. Маркум жоолук салынуу эрежесин бузган деп кармалган. Акцияларда миңдеген киши камалып, айрымдары катаал жазага өкүм кылынган. Кээ бирлери өлүм жазасына тартылды. Укук коргоочулар акцияларда жалпысынан 500дөн ашуун киши набыт болгонун айтып келишет.

Кээ бир кыз-келиндер нааразылык иретинде Ислам жумуриятында милдеттүү болуп эсептелген хижабдарын, жоолуктарын алып салышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG