Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:51

Министр Амангелдиев: Азыр "Аманат" жок


Данияр Амангелдиев.
Данияр Амангелдиев.

“Аманат” холдингин түзүү маселеси өкмөттүн азыркы күн тартибинде жок экенин 1-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди. Жыйында мамлекеттик мүлктү башкаруу маселесине байланыштуу мыйзам долбоору талкууланды.

“Азыр “Аманат” жок. Эки комитеттен өткөндө каршылык чыккандан кийин толугу менен ошону эске алып... “Аманат” азыр жок. Программада жок” – деди Амангелдиев.

2022-жылдын 11-майында президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдорду башкаруу системасын реформалоо маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Анда “мамлекеттик үлүшү бар чарбакер коомдорду натыйжалуу башкаруу” максатында Министрлер кабинетине "Аманат" улуттук холдингин түзүү тапшырмасы берилген.

«Аманатка» 16 ири компания кирери, уставдык капиталы 100 миллион сом болору кабарланган.

Бул маселе парламентте 17-январда көтөрүлүп, депутат Улукбек Ормонов өкмөт буга чейинки тажрыйбасынан сабак алышы керек деген пикирин билдирип, “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингин мисал келтирген.

Ал «“Улуу көчмөндөр мурасы” эмне болду? 700 миллионду жеп алды деп азыр түрмөдө отурат. Эми аны мамлекеттик бюджеттен төлөйбүз деп отурасыңар. “Аманатты” да бирөөгө түзүп берип, ага да бир миллиардды жедирип, жоёбуз дейсиңерби?», - деген.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун ошол кездеги төрагасы Мирлан Бакиров башкарууну бирдиктүү системага келтирүү максаты коюлуп жатканын айтып, « Тизмеге ылайык акционерлер киргенде “Аманат” бир топ чоң компанияга айланат жана эл аралык соодага алып чыкканга мүмкүнчүлүк жаралат», - деп билдирген.

27-февралда Мирлан Бакиров кызматынан алынды. Министр Амангелдиев бүгүн депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып ал жакынкы арада жооптуу башка бир кызматка дайындаларын айтты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG