Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:58

Грекияда поезд кырсыгында кеминде 30дан ашык киши каза тапты


Поезддер сүзүшкөн жер. Грекия, 1-март, 2023-жыл
Поезддер сүзүшкөн жер. Грекия, 1-март, 2023-жыл

Грекияда жүргүнчү поезд менен жүк ташыган поезд кагылышып, бери дегенде 32 киши каза тапты. Кеминде 85 киши жаракат алды, алардын басымдуусу ооруканага түштү.

Кырсык шаршембиге караган түнү Лариса деген шаардын жанында болду. Афиныдан Салоникиге бараткан жүргүнчү поездде 350 киши бар болчу. Кагылышуудан алдыңкы төрт вагон рельстен чыгып кеткен, бир нечеси өрттөнө баштаган. Бир топ жүргүнчү өрттө күйүк алды. Кээ бирлери терезелерден кулап түшкөн.

250 чакты киши автобустар менен Салоники шаарына жеткирилди.

Жүргүнчү поезд менен тоннелден чыгып жаткан жүк ташыган поезддин эмне себептен бир жолго түшкөнү азырынча белгисиз. Окуяны тиешелүү органдар иликтеп жатышат.

Жергиликтүү бийлик поездде карнавалдан кайтып келаткан студенттер көп болгонун билдирди. Кагылышууну Грекиянын тарыхындагы эң коркунучтуу кырсык деп аташууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG