Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:37

Блинкен АКШ Борбор Азияга 25 миллион долларлык жардам берерин жарыялады


Блинкен саммиттен кийинки маалымат конференцияда. Астана, 28-февраль, 2023-жыл
Блинкен саммиттен кийинки маалымат конференцияда. Астана, 28-февраль, 2023-жыл

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон Борбор Азия өлкөлөрүнүн Москвадан көз карандылыгын азайтууга жардам берерин убада кылды.

28-февралда Астанада Блинкен Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери катышкан С5+1 саммитинде соода жолдорун диверсификациялоо жана аймакта жумуш орундарын түзүү үчүн 25 миллион долларлык көмөк көрсөтүлөөрүн жарыялады.

Москванын Украинага каршы согушу фонунда Блинкен Вашингтон Борбор Азия мамлекеттеринин “эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн” колдой турганын айтты.

Казак президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Касым-Жомарт Токаев Блинкендин сапарын “стратегиялык кызматташууга кошумча дем берчү маанилүү визит” деп атаганын билдирди.

C5+1 форматындагы саммит 2015-жылдан бери бир нече жолу өттү. АКШнын Мамлекеттик департаменти 27-февралдагы билдирүүсүндө бийик жолугушууну “Борбор Азия өлкөлөрү менен жана алардын өз ара кызматташуусун, көз карандысыз, бакубат жана коопсуз аймак түзүүнү көздөгөн максаттарды алга жылдыруучу” жыйын деп сыпаттады.

Беларустан айырмаланып, Борбор Азия Украинага каршы согушка байланыштуу Москвага этият мамиле жасап, Кремл менен мамиле курууда тең салмактуулукту сактоого аракет кылып келатат.

АКШ Орусияга каршы санкциялары менен аймакка өзгөчө маанилүү киреше булагы болгон энергетика тармагына зыян келтирбөөнү көздөөдө.

Блинкен 28-февралда Өзбекстанга аттанууда, андан ары Индияга Чоң Жыйырманын саммитине катышуу үчүн бармакчы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG