Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:07

Беларустагы активисттер орусиялык учакка дрондон сокку урганын билдирди


Беларус - Польша чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт
Беларус - Польша чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт

Беларустун чек арачылары өлкөдөн чыгып жаткан адамдарды текшерүүнү күчөттү. Анын алдында өкмөткө каршы активисттер Минскинин жанындагы аэродромдо турган Орусиянын байкоочу учагына дрондон сокку урушканын билдирген.

27-февралда чек арадан өткөндөрдүн айтымында, адаттагыдан айырмаланып, чек арачылар жолоочулардын жеке буюмдарын, баштыктарын жана машиналарды тыкыр текшерип жатты.

Беларустун чек ара өкүлдөрү бул маалыматты комментарийлеген жок.

Өкмөткө каршы күрөшкөн активистердин BYPOL тобунун жетекчиси Александр Азаров "Азаттыктын" беларус кызматына билдиргендей, дрондор орусиялык учак жерде турганда сокку урган, операцияга катышкандар "өлкөдөн чыгып кеткен, алар аман-эсен".

"Азаттыктын" кабарчыларына чабуул туралуу маалыматты өз алдынча текшерүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Кремль эч кандай комментарий бербесин билдирди.

Украин армиясынын өкүлү A-50 учагы чалгын иштерин жүргүзүп, согуштук техниканы, башка учактардын кыймыл аракеттерин сүрөткө түшүрүп турганын айтып, жабдык талкаланса "жакшы кабар" экенин кошумчалады.

Орусиялык “Царьград” сайты чабуул алты дрондон коюлганын жазды.

Беларус согушка тикелей катышпаганы менен былтыр Орусиянын армиясына Украинага өз аймагы аркылуу кирүүгө жардам берген.

Батыш Минскиге каршы да санкция киргизген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG