Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:34

НАСА жана SpaceX корпорациясынын кемеси учурулбай калды


Кеннеди космос борбору. Канаверал, 27-февраль 2023-жыл
Кеннеди космос борбору. Канаверал, 27-февраль 2023-жыл

27-февралда АКШнын Космос агенттиги – НАСА жана SpaceX корпорациясы төрт астронавтты учурууну акыркы мүнөттө токтотуп, кийинкиге калтырды. Мындай чечим «Фалкон-9» ракета ташуучуга отун жүктөөдө маселе пайда болгондон соң кабыл алынды. Стартка даярдык Youtube каналында түз көргөзүлүп жаткан.

Маалыматка караганда «Крю Дрэгон» кемеси Эл аралык космос станциясына 2-мартта жөнөшү ыктымал.

Канавералдагы космодромдон ушуну менен алтынчы коммерциялык кеме учурулмак. Экипажга америкалык Стивен Боуэн жана Вуди Хобург, Бириккен Араб Эмиратынан Султан Ал-Нейади жана орусиялык Андрей Федяев кирген. Алар станцияда жарым жыл өткөрмөкчү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG