Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:47

CNN: Кытай Орусияга дрондорду эле эмес, курал-жарак да бериши мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай өкмөтү Орусияга учкучсуз учактарды гана эмес, курал-жарак да бериши мүмкүн экенин CNN телеканалы АКШнын чалгын кызматындагы ишенимдүү булагына таянып кабарлады. Учурда Москва менен Бээжин курал-жарактын көлөмүн жана баасын такташып жатканын кошумчалады.

Кытайдын Орусияга курал-жарактан жардам берүү ниети тууралуу америкалык The Wall Street Journal да жазып чыкты. Буга чейин Der Spiegel басылмасы апрелдин башынан тарта жүздөгөн "камикадзе" дрондор өндүрүлүп, Орусияга бериле баштайт деп кабарлаган.

Кытай согуш жүрүп жаткан аймакка курал-жарак сатпай турганын жана бейтарап турумду карманарын бир нече жолу кайталаган. 24-февралда Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту жөнгө салуу планын сунуштады.

АКШнын чалгын кызматындагы булактар Кытайдын позициясынын өзгөргөнүн күбөлөгөн кандай маалыматтар болгонун так көрсөткөн жок деп белгилейт CNN. Бирок АКШнын жогорку даражалуу аткаминерлери бул маалыматка олуттуу тынчсызданып жатканын билдирди.

The Wall Street Journal өз булагына таянып жазганына караганда, Кытай лидери Си Цзинпин келерки айларда орус президенти Владимир Путин менен жолугушуу үчүн Москвага барганы жатат. Маалыматта кездешүү Украинада тынчтык орнотууну көздөгөн көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү аракеттеринин бир бөлүгү болору, анда Кытай өзөктүк куралды колдонбоо чакырыгын кайталары айтылат.

Гезит сапардын датасы тактала электигин, Си Цзинпин апрелде же Орусия Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишти майрамдаган майдын башында Москвага барып калышы мүмкүн экенин жазды.

Өткөн аптада Кытайдын башкы дипломаты Ван И орус баш калаасына барган. Басылма министр жогорку деңгээлдеги сапардын чоо-жайын талкуулайт деп боолгологон.

20-февралда украин президенти Владимир Зеленский германиялык Die Welt басылмасына берген маегинде Бээжин Москва менен өнөктөштүк курса, дагы бир дүйнөлүк согуш тутанарын, Кытай аны түшүнөт деп ойлорун билдирген.

“Биз үчүн бул согушта Кытайдын Орусияны колдобогону маанилүү. Иш жүзүндө мен Кытайдын биз тарапта болуусун каалайт элем”, - деп айткан Зеленский.

Бээжин согуш баштаганы үчүн Москвага салынган эл аралык санкцияларга кошулган эмес. Уруш уланып жаткан бир жылдын ичинде Орусия менен Кытайдын өз ара соода жүгүртүүсү кыйла өстү. Кытай орус энергоресурстарынын негизги экспорттоочусуна айланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG