Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:02

Байден Варшавадагы кайрылуусунда украин эли жеңерин айтты


АКШ президенти Жо Байден Варшавада Украинага тилектештик билдирген сөзүн "Бир жыл мурун дүйнө Киев кулайт деп даярданган. Бирок Киев турат жана болуп көрбөгөндөй туруштук берүүдө, эң негизгиси Киев эркин" деп баштады.

Америкалык лидер Орусия кошуна өлкөсүнө басып киргенде "дүйнө сыноого туш болгонун, демократияга коркунуч жаралганын" айтып, бир жылдан кийин "биз кубаттуу болуп чыкканыбызды айта алабыз, мындан ары да суверенитет жана агрессияга каршы туруу укугу үчүн күрөшөбүз" деп белгиледи.

"Украин элинин өз жерине болгон сүйүүсү жеңет, биз мурдагыдай эле демократияны коргой беребиз. Украина эч качан Орусиянын агрессиясынын курмандыгы болбойт", - деп айтты Байден.

Ушул эле күнү орус президенти Владимир Путин Федералдык кеңешке жасаган эки саатка чукул кайрылуусунда Украинадагы уруш үчүн Батышты айыптаган.

Путин ошондой эле анын өлкөсү Стратегиялык чабуул койчу курал тууралуу келишимден убактылуу чыгып жатканын жарыялаган. Андай чечимге НАТОнун өлкөлөрү Орусиянын Украинада "стратегиялык утулушун" көздөгөнү алып келгенин билдирди.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен муну "өкүнүчтүү жана жоопкерчиликсиз кадам" деп атады.

Путиндин билдирүүсүн НАТОнун Баш катчысы Йенс Столтенберг да айыптап, Орусия эл аралык коопсуздуктун архитектурасын атайлап бузуп жатканын билдирди. Еврошаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Жозеп Боррелдин айтымында, Москва «кансыз согуш» аяктагандан кийин орногон коопсуздук системасын кыйратып жатат. Ушундай эле дооматты Путин шейшемби күнкү кайрылуусунда Батыштын дарегине айткан.

Сөз болгон документке АКШ менен Орусия 2010-жылы кол койгон. Ал 2021-жылы узартылгандан кийин 2026-жылга чейин иштемек. Келишимде тараптардын өзөктүк стратегиялык куралынын арсеналын чектөө каралган.

Байден Варшавага чейин 20-февралда Киевге барып кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG