Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Министрлик ЭлТРдин "ПолитКлиниканын" сайтын бөгөттөө өтүнүчүн четке какты


ЭлТР телеканалы көз карандысыз “ПолитКлиника” медиасын сотко берген.
ЭлТР телеканалы көз карандысыз “ПолитКлиника” медиасын сотко берген.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мамлекеттик ЭлТР телеканалынын “ПолитКлиника” басылмасынын сайтын бөгөттөө өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу “ПолитКлиника” медиасы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлик басылманын видеосундагы маалыматтар ишенимдүү ачык булактардан алынган деген жүйө келтирген. ЭлТРге сот органдарына кайрылууну сунуштаган.

Телеканал “ПолитКлиника” медиасынын "ЭлТРдин Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес дегени калп” деген видеосуна байланыштуу “Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзамынын негизинде министрликке кайрылган.

Ушул эле материал боюнча эки басылма соттошкону жатат. ЭлТР телеканалы “ПолитКлиника” басылмасын 20-февралда сотко берген. “ЭлТР арызында “ПолитКлиника” бул материалда компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген” деп билдирген.

Канал аталган материалды интернет желесинен алып салууну жана анда айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда. Моралдык зыян катары соттон “ПолитКлиника” редакциясынан 7 миллион сом, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом, жалпы 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

“ПолитКлиника” медиасы ЭлТРдин айыптоолоруна сотто жооп берип, өз чындыгын далилдөөгө даяр экенин билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG