Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Жапон өкмөтү Украинага 5,5 млрд. доллар жардам көрсөтөт


Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида.
Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида.

Жапониянын өкмөтү талкаланган аскердик инфраструктураны калыбына келтирүү үчүн Украинага 5,5 млрд. доллар өлчөмүндө жардам берет. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Фумио Кисида 20-февралда өткөн Токиодогу глобалдык форумда билдирди.

Ал Украина президенти Владимир Зеленскийди “Чоң жетинин” (G7) онлайн саммитине катышууга чакырды. Associated Press агенттиги кабарлагандай, саммит учурунда G7 өлкөлөрү Украинага көрсөтүлө турган колдоонун кийинки кадамдарын талкуулайт.

Согуш башталгандан бери Жапония Украинага 600 млн. доллар өлчөмүндө каржылык жардам пакетин жана дагы жүздөгөн миллион долларга эсептелген гуманитардык жардамдарды жөнөткөн.

Орусияга каршы АКШ жана Евробиримдик киргизген санкцияларга Жапония дагы кошулган. Өлкө Орусияга вакцина, медициналык жабдууларды жана роботторду жеткирүүгө тыюу салган. Мындан тышкары, радиоактивдүү материалдарды, атомдук объектилердин тетиктерин, мунай жана газды чалгындоо үчүн жабууларды берүү токтогон. Жапония орус жарандарына жана компанияларына да санкция салган.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG