Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Түркия менен Сирияда кайрадан жер силкинди


Хатай провинциясы. Түркия.
Хатай провинциясы. Түркия.

20-февралдын кечинде Түркиянын түштүк-чыгышында, Сирия менен чектеш аймагында дагы эки жолу жер титиреди. Кеминде үч киши набыт болуп, 213ү жараат алган.

АКШнын Геологиялык кызматы күчү 6.3 баллга жеткен зилзала жергиликтүү убакыт менен кечки саат сегизден төрт мүнөт өткөндө Хатай провинциясынын Узунбаг районунда 10 чакырым тереңдикте болгонун кабарлады. Экинчи силкинүү 5,8 баллга жеткен.

Жер силкингени Анталия шаарында дагы сезилди. Ошондой эле жер титирөө башка мамлекеттерде - Ливан жана Сирияда дагы катталды.

Түрк медиасы бир катар имараттар, аман калган үйлөр кыйраганын, ооруканалардагы бейтаптар эвакуацияланып жатканын жана урандылардын алдында калгандар көбөйүшү мүмкүн экенин айтышууда.

Түркиянын Өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу башкармалыгы (AFAD) зилзала катталган аймактагы жарандарга жээктерде цунами болорун эскертүүдө. Бул мекеме 20-февралда Хатай жана Кахраманмараш провинциялардан башка тогуз аймакта издөө, куткаруу иштери аяктаганын кабарлаган.

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта күчү 7,5-7,8 баллга жеткен жер титирөөдөн өлгөндөрдүн жалпы саны 47 миңге чамалады, жараат алгандар 115 миңдей болууда. (ElB)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG