Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Үч адамдын өмүрүн кыюуга шектүү эки айга камалды


Киши өлтүрүүгө шектүү. Сүрөт ИИМден алынды.
Киши өлтүрүүгө шектүү. Сүрөт ИИМден алынды.

Бишкектеги үч кишинин, эне-балдардын өлүмүнө шек саналган жаран эки айга камалды. Бишкектин Свердлов райондук соту анын бөгөт чарасын карап, 16-апрелге чейин №1 убактылуу тергөө абагына камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек шаарында эки балалуу аялды мыкаачылык менен өлтүргөн кылмышка шектүү 36 жаштагы жаран 17-февралда кармалган. Окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Расмий маалыматта ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү катары Баткен облусунун тургуну, 1986-жылы туулган Ч.А. кармалганы айтылат.

Социалдык тармактын колдонуучулары жана айрым маалымат каражаттары шектүү Чынтемир Аширалиев экенин жазууда. Ал
2021-жылдын ноябрь айында Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин коюп, алты миңден ашык добуш алып, утулуп калган. Ага чейин УКМКда 15 жыл иштеп, майор чинин алган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG