Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Кемпир-Абад иши: Журабаева менен Сооронкулова камакта калды


Гүлнара Журабаева сотто. Бишкек. 17-февраль, 2023-жыл.
Гүлнара Журабаева сотто. Бишкек. 17-февраль, 2023-жыл.

Биринчи Май райондук соту бүгүн, 17-февралда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, тергөө абагына камалган Гүлнара Журабаева менен Клара Сооронкулованын бөгөт чарасын карап, 20-апрелге чейин камакта калтырды.

Ал эми саламаттыгына байланыштуу бир нече күн мурда ооруканага жаткырылган Перизат Суранованын бөгөт чарасын сырттан карап, аны үй камагына чыгарды. Сот чечимине ылайык, Суранова 20-апрелге чейин үй камагында болот.

Клара Сооронкулова сотто саламаттыгына байланыштуу медициналык операцияга муктаж экенин белгиледи.

Адвокат Чынара Жакупбекова Сооронкуловага чыккан чечимге каршы Бишкек шаардык сотуна кайрыла турганын сотко барган журналисттерге билдирди.

17-февралда аталган сот Асия Сасыкбаева менен Рита Карасартованын да тергөө абагындагы мөөнөтүн эки айга узартты.

Кемпир-Абад иши боюнча жапырт камалган 21 адамдын бөгөт чарасын Биринчи Май райондук соту 15-16-февралда да караган. 19 адамды эки айга тергөө абагында калтырып, үчөөнүн үй камагын 20-апрелге чейин узарткан.

Ушуну менен Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад ишине шек саналып 23-28-октябрда камалган 26 адамдын бөгөт чарасын карап, 22син эки айлык мөөнөткө тергөө абагында калтырды. Төртөөнүн үй камагын дагы эки айга узартты.

Булардын ичинен учурда ден соолугуна байланыштуу саясатчылар Мамбетжунус Абылов менен Равшан Жээнбеков ооруканада. Аларга дарылануу мөөнөтү бүткөндөн кийин, тергөө абагына кайтып барууну сот милдеттендирди.

Иш жашыруун деген макам алдында карала турганы 18-январда белгилүү болгон. ИИМ бул боюнча жана корутунду тууралуу комментарий бере элек. Адвокаттар аны ачык өткөрүү арызы менен сотко кайрылышкан.

2022-жылдын октябрында Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылык билдиргендердин жыйыны өткөн.

Андан кийин курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын отузга жакыны камакка алынган. Мындан сырткары аларга тилектеш дагы бир нече адам кармалган. Учурда 20дай адам Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат, үчөө үй камагына чыгарылган.

Камалгандар өздөрүнө козголгон иштерди саясий куугунтук деп атап келет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG