Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:43

Акыйкатчы: зомбулукка кабылган аялдар милицияда кодуланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Омбудсмен Атыр Абдрахматова 13-сентябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынында зомбулукка учурап, милицияга кайрылган аялдар шылдыңдоого кабылып жатканын айтты. Абдрахматова Ички иштер министрлигин бул көйгөйгө көңүл бурууга чакырды.

“Жабыркаган аял, балдарга басмырлоо, шылдыңдоо аракеттери бар. Мисалы, 18 жаштагы кыз өзүнүн бий үйрөткөн агайынан ыдык көргөн. Милицияга кайрылышканда “эмне келдиң” деп өзүн шылдыңдашкан. Азыркы жаштар кыйын, аларды аудиого жаздырып алган”, - деди акыйкатчы.

Ошондой эле милицияда зомбулукка учураган балдарга дароо экспертизалар дайындалбаганын сындады. Жыйынга катышып жатканы ИИМдин өкүлү Абдрахматованын сынына жооп берген жок.

Кадамжайда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 14 жаштагы окуучу Айдай Кочкорованын өлүмү тууралуу Башкы прокуратура, ИИМ баштаган орган-мекемелердин өкүлдөрү парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети Социалдык саясат комитети менен чогуу өткөргөн жыйынында маалымат берди.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев быйыл жети айда балдарга карата сексуалдык зомбулукка байланыштуу жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөнүн кабарлады. Балдарды зордуктоо фактысы боюнча 39 кылмыш иши тергелип, анын 25и сотко өттү, үч кылмыш иши токтолуп, дагы 11 кылмыш ишин тергөө уланууда.

Үрөй учурган окуя Баткен облусунун Кадамжай районунда болгон. Облустук милиция 5-сентябрда киши колдуу болгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылганын билдирген. Кылмышка шек саналып төрт киши кармалган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG