Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:59

Айыл чарба министри: Айдап-себүүдө күйүүчү майга тартыштык болбойт


Аскарбек Жаныбеков.
Аскарбек Жаныбеков.

2023-жылдагы айдап-себүү иштери үчүн үрөн менен камсыз кылуу 80% түзөт. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков бүгүн, 16 февралда парламенттеги өкмөттүк саат учурунда билдирди.

Жогорку Кеңеш жазгы айдап-себүү иштерине өкмөттүн даярдыгы боюнча тийиштүү мекемелердин маалыматын угууда. Министр үрөн боюнча да көйгөй жаралбай турганын кошумчалады.

"Мындан тышкары, 42 миң 171 тонна дизелдик күйүүчү май бар.100 пайыз бензин дагы, дизелдик отун дагы Кыргызстанда бар. Бул боюнча көйгөй жаралбайт. 40 миң тонна минералдык жер семирткич бар, анын 30 миң тоннасы аммиак селитрасы, калганы фосфордук селитра. Баасы былтыркыга салыштырмалуу арзан", - деди министр.

Жаныбеков быйыл сугат каналдарын даярдоого 1 млрд. сом бөлүнгөнүн, быйылкы жылга 816 чакырым канал тазалана турганын кошумчалады. Бул былтыркыга караганда 50 чакырымга көп.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда күйүүчү майга болгон жылдык керектөө 1 млн. 300 миң тоннадан 1 млн. 500 миң тоннага чейин жетет. Бул сумма ар кандай жагдайларга карап өйдө-ылдый болуп турушу мүмкүн.
Улуттук статистика комитетинин мониторингинде көрсөтүлүп тургандай, орточо баа былтыркыга караганда бир аз төмөндөдү.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы 30-январдагы маалыматында, Орусиядан күйүүчү майларды ташып келүүдө үзгүлтүк жок экенин белгилеп, баалардын арзандашын убактылуу деп баалаган.

2023-жылдын башында бензиндин тоннасы дүңүнөн 400-500 доллардын тегерегинде бааланса, дизелдин чыгыш баасы 1000 доллар болууда. Бул орточо баалар. Май куюучу жайлардын жайгашкан жерине карата айырмачылыктар чыга берет. Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги күйүүчү майды арзандатуу боюнча иш-аракет жүрүп жатканын кабарлаган эле. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG