Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Ошто билим берүү башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык прокуратурасы Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын бир нече кызматкерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жергиликтүү прокуратура шаардык билим берүү башкармалыгына жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында былтыр мамлекетке жалпы 1 млн. 905 миң 987 сомдук ири өлчөмдө зыян келтирилгенин аныктаган.

Аталган башкармалыктын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, башкармалыкта жана эч бир мектепте иштебеген тааныштарынын атына ачылган банктык карталарга жалпы 1 млн. 905 987 сом акча каражатын "эмгек акы үчүн" деп мыйзамсыз которуп келген. Кийин ал акчаны өз пайдасына сарптап жок кылышканы тастыкталган.

Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынын кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иш козголгон. Учурда тергөө жүрүп жатат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG