Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Украина: “Вагнерчилер” Бахмуттун жанындагы кыштакты басып алганын билдирди


Бахмуттагы украин жоокерлери
Бахмуттагы украин жоокерлери

Орусиядагы "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын жалданма согушкерлери Украинанын түштүгүндөгү Бахмут шаарынын чекесиндеги Красная Гора кыштагын ээлеп, көздөгөн максатына жеткенин жарыялады.

12-февралда “Вагнердин” негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин “Бүгүн Красная Гора конушун “Вагнер” аскердик компаниясынын отряддары чабуул коюп ээлеп алды” деген үнү жазылган кабар Телеграм каналына чыкты.

Телеграмдагы дагы бир кабарында “вагнерчилер” Красная Гора кыштагынын оозунда турганы көрүнөт.

Бирок “Эркин Европа/Азаттык” радиосу Пригожиндин согушка чейин 600 тургун жашаган конушту басып алганын ырастай албайт.

“Вагнерге” таянган орус күчтөрү стратегиялык маанидеги Бахмут шаарын басып алуу Украинанын чыгышындагы Москванын “атайын операциясынын” эң маанилүү максаты экенин жар салган.

Киев мындай окуяларды бир жылдан бери орус армиясы оор жоготоууларга учураган чакта Москванын фронтто ийгиликке жеткенин көрсөтүүсүнүн аргасы деп сыпаттайт.

Жума күнү Пригожин орустар Бахмутту алууга милдеттүү экенин, бирок орус күчтөрү катуу каршылыкка кабылып жатканын билдирген.

Британиянын чалгын кызматы украиндердин аскердик статистикасына негиздеп, соңку эки аптада орус күчтөрү күнүгө 820дан сокку уруп турганын, согуш башталгандан берки эң чоң жоготуураларга дуушар болгонун билдирди.

Британдар орус күчтөрүнүн жоготууларын аскердик курамдын тиешелүү даярдыктан өтпөгөнү, координациялоо, ресурс жагынанан чабал экендиги менен негиздеп, ага Бахмутту мисал келтирет.

12-феврала украин армиясы Луганск жана Донецк облустарына бир күндө эле 11 жолу чабуул жасалганын билдирди.

Орус армиясы ишембиде Батыштын курал-жабдыгын майданга жеткирбеш үчүн Украинанын темир жана автожолдоруна ракета жана дрондор менен “жапырт чабуул” жасалганын маалымдады.

Мындан улам көптөгөн шаар-кыштактар жарыксыз калды. Бирок украин бийлиги өлкөнүн түштүгү менен чыгышында эл жарыксыз отурбайт деген оптимисттик ишенимин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG