Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

Түркия: уранды алдында калган кыргыз жаранынын сөөгү табылды


Хатай провинциясындагы кыйраган үйлөр. Түркия. 2023-жыл.
Хатай провинциясындагы кыйраган үйлөр. Түркия. 2023-жыл.

Кыргызстандын бир жараны уранды алдында каза болгонун Түркиядагы элчи Руслан Казакбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"2023-жылдын 6-февралында Түркияда болгон табигый кырсыктын кесепетинен Хатай шаарында 1986-жылы туулган Б.М. аттуу жараныбыз каза болгондугу тууралуу маалымат, бүгүн ырасталганын терең өкүнүч жана кайгыруу менен билдирем. Маркумдун тек-жайы жакындары тарабынан такталды. Кыргыз Республикасынын Анталиядагы Башкы консулдугунун кызматкерлери ушул убакка чейин кыйраган көп кабаттуу үйдүн урандыларын жоюу иштери жүрүп жаткан Хатай шаарында болушту. Бардык керектүү документтер түзүлүп, мекендешибиздин сөөгү жакын арада Кыргызстанга жөнөтүлөт", - деди Казакбаев.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аялдын сөөгүн уранды алдынан 11-февралда алып чыгышканын билдирди.

Буга чейин 10-февралда "Азаттык" аталган провинцияда иштеп жүргөн 37 жаштагы кыргызстандык келин уранды алдында калганын кабарлаган. Ага улай Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетинен Кыргызстандын жараны каза болду" деген маалыматты тастыктабай турганын билдирген.

6-февралда болгон катуу зилзаладан кийин Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги Түркиянын жер титирөөдөн жабыр тарткан аймактарындагы кыргыз жарандары үчүн ыкчам штаб түзгөн.

Кыргызстандын Стамбулдагы жана Анталиядагы башкы консулдуктарынын кызматкерлери Хатай шаарындагы байланышка чыкпай жаткан кыргыз жарандарын издөө иштерин жүргүзүп келет.

Түркия менен Сирия чектеш аймакта дүйшөмбү күнү болгон жер титирөөдөн набыт кеткендердин саны 20 миңден ашты. Алардын 22 миңдейи Түркияда экенин бул өлкөнүн президенти Режеп Тайып Эрдоган 11-февралда кечке жуук кабарлады. Маркумдардын 37% Хатай аймагынын тургундары. Түрк бийлиги он миңдеген адам жараат алганын билдирүүдө. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG