Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:19

Тбилисиде журналист Олег Панфилов дүйнө салды


Олег Панфилов
Олег Панфилов

Кремлди катуу сындап жүргөн Олег Панфилов 65 жашында Грузиянын баш калаасында дүйнө салганын жубайы жума күнү кабарлады.

Тажикстанда туулган Панфилов 1990-жылдары “Независимая газетанын” кабарчысы болгон. 2000-2010-жылдары экстремалдык журналистика борборун жетектеген. 1994-2010-жылдары «Радио Свободанын» "Бийлик жана пресса", "Мезгил жана дүйнө» программаларын алып барган. 30дан ашуун китептин жана бир нече документалдык тасманын автору.

2008-жылы орус-грузин согушунда Крмелдин саясатын кескин сындаган. 2009-жылы “эркин иштегенге жер” издеп, Тбилисиге көчүп кеткен. 2012-жылга чейин ал кездеги президент Михаил Саакашвилинин демилгеси менен негизделген Биринчи Кавказ каналында иштеген.

"Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен кызматташып, Москванын Крымды күчкө салып каратып алганын жана Украинага каршы саясатын кескин сындап жүрчү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG