Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

Курулушту көзөмөлдөө департаменти: Кабат үйлөр 9 баллга чейин туруштук бере алат


Бишкек шаары, архив.
Бишкек шаары, архив.

Кыргызстанда кабат үйлөр 9 баллга чейинки жер титирөөгө туруштук бере алат. Бул тууралуу 10-февралда Жогорку Кеңештин “Мекенчил” депутаттык тобунун отурумунда Архитектура, курулуш көзөмөлдөө департаментинин директору Талантбек Иманакун уулу билдирди.

Ал баары жер кыртышына жараша болорун, курулуш иштерин баштарда экспертиза жүргүзүлөрүн айтты:

“Сейсмикалык эсеп 8-9 баллга чейин деп алынат. Конструкциялар ошонун негизинде эсептелет, курулуш макулдашылган экспертизалык корутунду боюнча башталат”.

Депутат Айбек Осмоновдун “8-9 баллга чыдай турган кылып курулат, нормалар сакталса, туурабы?” деген суроосуна Талантбек Иманакун уулу “9 баллга туруштук берет” деп жооп берди.

Түркияда жана Сирия он миңдеген адамдын өмүрүн алган соңку жер титирөөдөн кийин курулуштардын сейсмикалык коопсуздугу боюнча маселе көтөрүлүүдө. Кыргызстанда акыркы жылдары жеке курулуш компаниялары кардарлар менен үлүштүк негизде кабат үйлөрдү көп куруп жатышат. Алардын коопсуздугу талаш-талкууларды жаратып келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG