Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:12

Түркиядагы зилзалада кыргызстандык келин урандылардын алдында калганы кабарланды


Түркиянын Хатай аймагы, 7-февраль 2023-жыл.
Түркиянын Хатай аймагы, 7-февраль 2023-жыл.

Түркиянын Сирия менен чектеш Хатай провинциясында апта башындагы зилзалада Кыргызстандын бир жараны уранды алдында калганы кабарланды. Аталган провинциянын Хатай шаарында кыргызстандык келиндин сөөгү кыйраган үйдүн алдында болушу мүмкүн экенин 9-февралдын кечинде Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу "Азаттыкка" билдирди.

Маалыматка ылайык, 37 жаштагы кыргызстандык келин хатайлык карыяны багып, иштеп жүргөн. Карыя менен кошо аны караган келин да набыт болушу ыктымал экенин консулдукка иш берүүчү үй-бүлө айтып берген.

Аны улай жума күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги расмий маалымат таратып, 10-февраль 12:00гө карата "Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетинен Кыргызстандын жараны каза болду" деген маалыматты азырынча тастыктабай турганын билдирди.

"Учурда мекендештин жашаган жеринде куткаруу иштери жүрүп жатат. Азырынча аны менен байланышууга мүмкүн болбой жатат. Окуя болгон жерде Кыргыз Республикасынын Анталиядагы Башкы консулдугунун жетекчиси жана кызматкерлери иштеп жатат" деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин социалдык тармактарда Хатай шаарында иштеп жүргөн М.Б. аттуу кыргыз жараны апаат болгон түндөн бери байланышка чыкпай жатканы тууралуу кабарлар тараган.

6-февралдагы катуу зилзаладан кийин Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги Түркиянын жер титирөөдөн жабыр тарткан аймактарындагы кыргыз жарандары үчүн ыкчам штаб түзүлгөнүн билдирген. Кыргызстандын Стамбулдагы жана Анталиядагы башкы консулдуктарынын кызматкерлери Хатай шаарындагы байланышка чыкпай жаткан кыргыз жарандарын издөө иштерин жүргүзүүдө.

Түркияда жана Сирияда дүйшөмбү күнү болгон удаалаш жер титирөөлөрдөн набыт кеткендер 20 миңден ашты. Курмандыктардын 17 миңдейи Түркияда экенин бул өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа 9-февралда кечке жуук кабарлады. Кыйратуучу зилзаладан өлгөндөрдүн 37% дал ушул Хатай аймагынын тургундары. Түрк бийлиги он миңдеген адам жаракат алганын билдирүүдө. (ElB)

Ред. Жаңылык 10-февралда Тышкы иштер министрлигинин расмий билдирүүсү менен толукталды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG