Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:25

Түркия менен Сирияда зилзалада набыт болгондор 20 миңге жакындады


Маркумдар коюлган жай
Маркумдар коюлган жай

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондор 19 700гө жеткенин 9-февралда кечке жуук BBC кабарлады. Алардын 16 миңден көбү Түркияда экенин бул өлкөнүн Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги (AFAD) билдирди. Жараат алгандар 60 миңден ашат. Бир катар мамлекеттердин көмөгү менен куткаруу иштери төртүнчү күнү уланып жатат.

6-февралда Түркиянын түштүк тарабында жана Сириянын түндүгүндө эки жолу күчү дээрлик 8 баллга жеткен жер титирөө болгон.

Табигый кырсык Түркиянын 10 аймагында болду. Бул өлкөдө расмий эсепте 25 миңдей кыргыз жараны бар. Каза тапткан жана жараат алгандар арасында кыргызстандыктар жок экени өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин соңку маалыматына айтылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG