Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:45

Түркия менен Сириядагы зилзаланын сабагы


Түркия менен Сириядагы зилзаланын сабагы
please wait

No media source currently available

0:00 1:07:42 0:00

Түркия менен Сирияда катуу жер титирөөдөн мерт болгондордун саны 11 миңден ашып, миңдеген турак жай, имарат кыйрап калды. Күчү 7,8 баллга жеткен зилзалага көп кабат үйлөр туруштук бере албай, 10 миңдеген жаран жаракат алганы кабарланды. Чектеш жайгашкан эки мамлекеттеги зилзаланын сабагы кандай?

Түркия менен Сирияда катуу жер титирөөдөн мерт болгондордун саны 11 миңден ашып, миңдеген турак жай, имараттар кыйрап калды. Күчү 7,8 баллга жеткен зилзалага көп кабаттуу үйлөрдүн көбү туруштук бере албай, 10 миңдеген жаран жаракат алганы кабарланды. Чектеш жайгашкан эки мамлекеттеги алаамат кыргызстандыктарды, өзгөчө Бишкек, Ош шаарынын тургундарын санаага салгандай. Анткени ушул эки шаарда кабат-кабат үйлөр көп курулууда. Кыргызстандыктарды “жаңы салынып аткан үйлөрдүн сапаты кандай, алар жаратылыш кырсыктарына туруштук бере алабы” деген суроо тынчыздандырып баштады. “Эксперттер талдайт” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышында ушул суроолорго жооп издейбиз.

XS
SM
MD
LG