Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

Чүйдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө турак жай берилди


Аламүдүн районунун Гроздь айылындагы социалдык шаарча.
Аламүдүн районунун Гроздь айылындагы социалдык шаарча.

Аламүдүн районунун Гроздь айылында өзгөчө социалдык колдоого муктаж 30 үй-бүлөгө турак жайлар берилди. Үйлөр атайын комплекс түрүндө курулуп, эмерек, ысык суу, турмуш-тиричилик буюмдары, килемдер жана жылытуу системасы сыяктуу бардык ички шарттары менен камсыздалган. Комплекстин аймагында өзүнүн бала бакчасы жана мечити бар.

Атайын комиссия тарабынан аз камсыз болгон жана турак жайы жок үй-бүлөлөр тандалып алынган. Алардын ичинде 2/3 Аламүдүн районунун тургундары болсо, калганы ар башка аймактан, анын ичинде Баткен облусундагы кыргыз-тажик кагылышынан жабыркагандар да бар. Алар негизинен көп балалуу жалгыз бой энелер жана майыптыгы бар адамдар.

Комплексти “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду куруп, айыл өкмөттүн балансына өткөрүп берди.

Уюм, муну менен катар, Сокулук айылында да социалдык-эмгек реабилитациялоо борборун курган. Төрт кабаттуу имарат майыптыгы бар жарандар үчүн окутуу борбору, эмерек жана тигүү цехтери, чач тарач өңдүү кол өнөрчүлүк кесиптерге үйрөтүүчү бөлүмдөр менен жабдылган.

“Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду 2004-жылы түптөлгөн. Фонд Сауд Арабиясынан, Катардан, Кувейттен, Бахрейнден, Омандан кайрымдуулук долбоорлорун тартып иштеп келет. Түптөлгөндөн бери Кыргызстандын аймактарында 60 чукул мектеп, 150 ашуун ФАП, дарыгердик пункт, клиника, ооруканаларды, ошондой эле аз камсыз болгон жарандар үчүн социалдык үйлөрдү, мечиттерди курган. Мындан тышкары, кайрымдуулук акцияларын уюштуруп, аз камсыз болгон, майыптыгы бар жарандарга жөлөк пул, азык-түлүк, кийим-кечек жана медициналык мекемелер үчүн атайын жабдыктар менен автоунааларды берип турат.

Кыргызстанда, өкмөттүн эсеби боюнча, 210 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөр бар. Дагы ошончо жетим-жесир жана жалгыз жашаган кишилер эсептелет. Өкмөт аларды жакырчылык сазынан сууруп чыгуу үчүн даректүү жардамдарды берип, өз алдынча иш менен камсыздоо долбоорун баштаган. Бул максатта 2022-жылы 2800 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 100 миң сомдон кайтарымсыз каражат берилген. Бул жылы долбоорго дагы 10 миң үй-бүлөнү камтууну көздөп жатканын жарыялаган. Долбоорду улантуу үчүн Дүйнөлүк банктан 30 млн. доллар насыя алынып жатат. (KbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG