Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:15

Адана: Зилзалада онго жакын кыргызстандык кыз-келин үй-жайсыз калды


Издөө-куткаруу иштери уланууда.
Издөө-куткаруу иштери уланууда.

Түркиядагы зилзала учурунда Адана шаарында иштеген он чакты кыргызстандык кыз-келин үй-жайсыз калды. Аларга жардам берүү үчүн атайын топ жолго чыгып кеткенин Кыргызстандын Анталиядагы башкы консулу Рустам Кошонов "Азаттыкка" билдирди.

Түрк бийлиги зилзаладан 10 шаар - Газиантеп, Кахраманмараш, Хатай, Османие, Адияман, Малатя, Шанлыурфа, Адана, Диярбакыр жана Килис зыян тартканын билдирди.

6-февралда кечке жуук таратылган расмий маалыматта айтылгандай, набыт кеткендер Түркияда 1500дөн ашса, Сирияда 800гө жакындады. Куткаруучулар урандылардын астында калгандарды издеп жаткандыктан, бул сандар өсүшү ыктымал. Айрым маалымат каражаттары тирүү табылгандар тууралуу жазып жатышат.

Түрк бийлиги 5000ден көп киши жабыркап, 3000дей имарат кыйраганын кабарлады. Сириядагы жабыркагандар, кыйроолор тууралуу так маалымат жок.

Эл аралык медиа жазгандай, НАТОго, Евробиримдикке мүчө жана башка 45 мамлекет Анкарага жардам сунуштады. Арасында Кыргызстан, АКШ, Украина, Орусия бар. Ал эми Сирияга Иран, Орусия, Германия, Франция өңдүү бир канча өлкө көмөк көрсөтө турган болду.

Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллдык жер титирөө кайталанды. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG